Япондук ойлоп табуучулар дүйнөнү жаңы түзмөктөрү менен толуктады. Смартфон үлгүсүндөгү гаджеттер  эми сакал алганга ылайыктуу жасалып чыкты.

iPhone менен буга чейин футбол ойноп, кандын анализдерин алып, сүрөт чыгарганга мүмкүн болчу. Эми япон окумуштуулары тарабынан аны менен колдонуучу бетиндеги түктөрдөн арылса болот.

Аппаратты колдонуш үчүн андагы туташтыруучу каражаттын бир учун смартфонго сайыш керек. Гаджеттин  жумшак щеткасы, фонариги жана эки лезвиясы бар. Ал  атыйын алып жүргөнгө ылайыкташылып, кичинекей капта салынган. Учурда аны япониядагы интернет-магазиндерден гана табууга болот. Баасы болжол менен 700рубль.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here