• Илимпоздордун пикири боюнча кыргыз тили — түрк тилдеринин эң байыркысы.

• Кыргызстанда эле эмес, КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги эң байыркы шаар — Ош. 2000¬ж. анын 3000 жылдыгы белгиленген. Демек, ал байыркы Рим менен жашташ.

• Тарыхчылардын маалыматтары боюнча Кыргызстандын түндүгүндөгү эң байыркы шаар — усундардын борбору Чигу шаары (б.з.ч. 40¬жылдар чен). Ал Ысыккөлдүн алдында калган. Ал эми жазуучу Орозбек Айтымбетов Чигу ш. Ысыккөлдө деген пикирди жокко чыгарып, ал калаа Турпан ойдуңундагы Айдыңкөл деген чакан көлдүн жээгинде болгонун далилдейт.
• 1999-¬жылы күзүндө Чолпон-Атадагы автовокзалдын жанына курулуп жаткан кафенин курулушчулары адам сөөгүн табышкан. М.Чолпонкулов менен Ч.Жуманазованын билдирүүсү боюнча аны республикалык тарых музейинин байыркы орто кылым тарыхы боюнча адиси Темирлан Чаргынов изилдеген. Бул өтө баалуу тарыхый табылга илимий изилдөөдөн кийин б.з.ч. 1000 жылдыктагы адамдын сөөгү деп табылган жана тарых музейине алып келинген.
• Кымыз жөнүндөгү эң байыркы маалымат Игнатьев жылнаамасында кездешет. Анда князь Игорь Северский тоолуктардын туткунунан аны кайтарган жоокерлер кымыз ичип уктап калганда качып чыкканы айтылат. 1245-ж. Батый хан князь Галицкийди кымыз менен сыйлагандыгы жөнүндө да маалымат бар. Белгилүү европалык саякатчы Марко Поло 13-кылымдын 2-жарымында Орто Азияны кыдырып баргандан кийин кымызды ак шарап деп жазган.
Ысмайыл Кадыров, “Кыргыздын Гиннес”

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here