Global Firepower рейтингине  жалпысынан 130дан ашуун мамлекет катышкан. Аскери эн күчтүү деп аталган алдынкы үч орунда: АКШ, Кытай жана Россия турат. Ал эми Орто Азиядан Өзбекстандан   армиясы 48-орунга илинип, башкаларга салыштырмалуу кубаттуу деп табылган. Казакстандын армиясы 55 –орунда, Тажикстандыкы 112 болсо, Кыргызстан 89-орунда.  Дүйнөлүк индекс боюнча рейтинг  50 талап менен  чыгат. Ага: аскерлердин саны, армияга бөлүнгөн каражат, аба жана дениз ж.б күчтөр  кирет. Ошентип, өзбектер азырынча армия жагынан алдыда. Аларда деле аскерге 18 жашынан чакырылып, 9 айдан 1 жылга чейин кызмат өтөшөт. Аскер саны 6, 5 миллионго жетет. Ал эми армиянын жылдык бюджети 1 млрд. 703 миллион долларды чапчыйт. Биздикин го билесиздер…

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here