Аталган үй 5 бөлмөлүү жана 40 сотых жери бар. Жакынкы күндөрү үйдүн документтери жергиликтүү бийликке өткөрүп берилет.

 Коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Тейит айылындагы үйүн бала бакча катары пайдаланууга берди. Бул тууралуу Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Нургазы Акматов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, беш бөлмөлүү турак жайдын 40 сотых жери бар.

«Бүгүн, 1-сентябрь Билим күнүнө арналган иш-чарага коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев өзү катышып, үйүн бала бакча катары пайдаланууга бере тургандыгын айтты. Учурда үйдү айыл өкмөттүн карамагына өткөрүү иштери жүрүп жатат», — деди Акматов.

Ал кошумчалагандай, 300 кожолуктан турган Кара-Тейит айылында буга чейин бала бакча болгон эмес.

Булак: sputnik.kg/

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here