Кыргыз элинин эстрада ырчысы Элмира Кайып кызы бүгүн узакка созулган оорудан улам каза болгонун анын сахналаштары билдирди. Ырчы бир топ убакыттан бери ооруп келген, бүгүн анын бооруна операция жасалып, анын жыйынтыгы минтип жүрөктүн токтошуна алып келди.   Ал болгону 42 жашта эле.  Артында бир кыз калды.Ал Жети-Өгүз районун туулуп, Улуттук филармониянын эстрадалык студиясын жана Искусство институтунда билим алган.

Элмира Кайып кызы бери жагы 15 жылдан бери кыргыз сахнасында чоң-чоң обончулардын ырларын өзүнүн мукам үнү менен жеткиликтүү аткарып, калың калкытын катмарына таанылган. Бир сөз менен айтканда, анын кыргыз эстрадасында өз орду бар эле. Ал Рыспай Абдыкадыровдун, Шамшыбек Өтөбаевдин, Элмирбек Иманалиев баштаган бир топ обончулардын ырларын аткарган. Айрыкча, анын аткаруусундагы Иманалиевдин «Булбулум» аттуу ыры кезегинде хитке айланганы ырас. Белгилүү болгондой Кайып кызы бир топ жылдан бери кыргыз эстрадасына салым кошуп, кыйла эмгектенип келгени менен, мамлекет тарабынан сыйлык-наамдарга ээ боло элек эле…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here