Кетерине аз эле убакыт калган Алмазбек Атамбаев кыргыз тарыхында мамлекеттик сыйлыктарды татыктууларга да, татыксыздарга да өтө көп берген “берешен” президент катары тарыхта калганы калды окшойт. Белгилүү болгондой  2010-жылга чейин Акаев менен Бакиев мамлекеттик сыйлыктарды көрүнгөнгө берип, ал тургай акчага да сатышып  баркын кетирип, тарпын чыгарып салышкан. 2010-жылдан кийин  бир жарым жыл президент болгон Роза Отунбаева 170тей адамдарга мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарган. Андан кийин Атамбаев сыйлык берүүнү 2-3 жылга токтотуп, азайткандай болгону менен, өзгөчө акыркы 2-3 жылда мамлекеттик сыйлыктар, ар кандай наамдар төбөсү көрүнгөнгө жана көрүнбөгөн инсандарга жана ар кандай мекемелерге да дүңүнөн таратылып кетти. Бул жолу да ажо Эгемендүүлүктүн шылтоосу менен 150дөн ашуун инсан, 20 чакты мекеме-ишканаларга мамлекеттик сылйыктарды, наамдарды берүү боюнча жарлыкка кол койду. Алардын арасында татыктуулар чынында аз. Көзгө көрүнүп кубантканы булар: “Манас” ордени менен кинорежиссер Актан Арым, КРнын Эмгек сиңирген артисти наамы менен Каныкей Раймалиева, Анапия Райымбекова, спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Дарья Маслова, дин аалымы Абдышүкүр Нарматов, муфтий Максатбек Токтомушев. Албетте, булардан тышкары  да элге анча таанылбаган, бирок эмгеги боюнча сыйлыкка татыктуу: врач, мугалим ж.б. кесиптердин да ээси бар. Бирок Нурайым Азыкбева, Самара Каримова, Гүлжигит Сатыбеков деген  5-10 жыл мурун ырдап чыккан ырчылардын “Эмгек сиңирген артист” наамын алып жатышы жөн гана күлкүңдү келтирип, айласыздан жерге түкүртөт. Алар буга чейин бакыйган наамдарды басып жыгылган: Мирбек Атабеков, Гүлжигит Калыков, Гүлзада Рыскулова ж.б. катарын толуктап калышты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here