Ас-Салам» гуманитардык фондунун каржылоосу менен Чүй облусундагы Кара-Балта шаарында жана Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында жалгыз бой энелер үчүн курулган турак үйлөр пайдаланууга берилди. Кечээ, 29-августта өткөн ачкычтарды тапшыруу аземине фонддун башкы директору Набил Альоун жана фонддун жетекчиси Нурмухамед Миңбаев катышты.

Маалым болгондой, Кара-Балта шаарында Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери муниципалдык батирлер курулган эмес. Барак тибинде эки катарга курулган 8 турак үйдүн ар биринде бардык шарттар түзүлгөн бир бөлмөлүү 5 батир бар. Анын ар биринин курулушуна 1 млн сомдон каражат сарпталган.

Бул үйдөгү батирлердин бирин биринчилерден болуп Беловодск айылында жашаган 60 жаштагы Гүлира айым алды. Ал үч баланын энеси. Анын улуу баласы үйлөнүп, өзүнчө жашаса, эки өспүрүм баласын жалгыз багууда. Эки жыл мурун жолдошу каза болуп, балдары менен кайнагасынын үйүндө жашап жаткан.
«Мен батиримдин ачкычын үч жума мурун алып, дубалга туш кагаз чаптатып, жерге линолеум төшөдүм. Бул иштер үчүн 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын сарптадым. Бизге муздаткыч, тамак жасоо үчүн газплита жана килемдерди беришти. Батирдин ичи бардык керектүү буюмдар менен жабдылган. Ошондой эле, жылуулук системасын жана жаратылыш газын кийинки жылы кошуп берүүнү убадалашты. Биз мындай үйлүү болобуз деп ойлогон эмеспиз. Бул жерде Нарын, Алай, Жайыл райондорунан келген жана Кара-Балта шаарындагы жалгыз бой аялдар жашайт», — деди ал.

Батирге ээ болгон жалгыз бой эне Гуля Жайыл районунун Алексеевка айылында жашачу. Ал үйдүн ичинде кошунасына окшоп оңдоп-түзөө иштерин жасаткан жок. Себеби үй-бүлөнүн акча каражаты чектелүү.

«Биз дубалдарды жөн гана актап койдук. Азырынча балдарым кичинекей болгондуктан ушундай жашап турабыз. Бизге бардыгы жакты, эң негизгиси үйдүн ичи таза жана тыкан. Батирди алуу мүмкүнчүлүгүм бар экенин билгенде жолдошумдун каза болгону жөнүндө маалымдама жана балдарымдын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн алып бардым. Ошентип бул үйдүн ээси болуп калдым», — дейт Гуля.

Жалгыз бой эне Миргүл 1977-жылы Ош шаарында төрөлүп, ошол жакта өскөн. Нарындын келини болуп, жолдошу экөө чоң үй-бүлөлүү болууну кыялданышчу. Үй-бүлөдө биринчи уул төрөлүп, андан кийин дагы эгиз уулду, бир жыл мурун көптөн күткөн кыздуу болушкан. Миргүл балдарды тарбиялоо менен алектенсе, жолдошу айдоочу болуп иштечү.
«Мен жолдошумдан ажырап, балдарымды жалгыз чоңойтом деп ойлогон эмесмин. Жолдошум мындан төрт ай мурун жол кырсыгынан каза болду. Балдарым кичинекей, улуу балам быйыл 4-класска барат. Эгиз балдарым 4 жашта, ал эми кызым бир жашта. Биз Бишкекте батирде жашачубуз. Жолдошум көз жумгандан кийин Жайыл районунун Полтавка айылына эжемдикине көчүп келдик. Мага эжем жалгыз бой энелерге Кара-Балтада үй курулуп жатканын айтты. Мен дароо үйдү курдуруп жаткандарга кайрылдым», — деди Мээрим.
Шаардын мэриясы маалымдагандай, үйлөрдү курган «Ас-Салам» фонду турак жайга өтө муктаж болгон үй-бүлөлөргө берүүнү, көчүп келгендер Кара-Балта шаарында катталганына маани бербөөнү талап кылган.
Бул турак үйлөргө тиешелүү маселелер, алардын ээлерин аныктоо боюнча тиешелүү комиссия кеңешме өткөрүп, ага архитектура, таза суу каналынын жана башка кызматтардын өкүлдөрү да катышкан.
Ошондой эле, Балыкчы шаарында курулган барак тибиндеги үйгө 10 үй-бүлө жайгаштырылды. Эми жалгыз бой энелер балдары менен өз үйүндө жашап, балдардын билим алуусуна да жакшы шарттар түзүлөт.
Жаңы конуштуу болгон апалар, жаш балдар кубанып жатканын айтып, «Ас-Салам» фондуна терең ыраазычылык билдиришти.
«Ас-Салам» кайрымдуулук фонду өлкө ичиндеги социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гана жардам бербестен, айылдарга мечиттерди, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун куруп, таза суу көйгөйлөрүн чечүү менен алектенип келет. Жалгыз бой жана көп балалуу аялдарды үй менен камсыз кылып, саан уйларды берип, ата-энесинен ажыраган балдарга материалдык колдоо көрсөтүүнү улантууда.
Ошондой эле, фонд тарабынан 27-август күнү Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында көп балалуу жана жалгыз бой энелерге атайын курулган үйлөрдүн ачкычтары тапшырылган эле.


Булак: .turmush.kg/news:330374

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here