«Анчалык кабатыр болбо, атүгүл Мухаммед Али акыркы беттешин уттурган…» Кыска аралыкка дүйнө жүзү боюнча эң ылдам чуркаган жөө күлүк Усэйн Болт алтын медаль менен эмес, ушундай сөздөрдү угуу менен спорт менен коштошту. Август айында Лондондо өткөн Дүйнө чемпиондугунда 8 жолку Олимпиаданын жеңүүчүсү, акыркы жылдары жеңил атлетиканын негизги жылдызы саналган жөө күлүк карьерасын жыйынтыктады. 11 жолку Дүйнө чемпиону 8 жолку Олимпиада чемпиону 8 жолку дүйнөлүк рекорддун ээси 100 метрлик аралыкка чуркоодогу рекорду – 9,58 секунда ДАЯРДЫКСЫЗ АКЫРКЫ СТАРТ Буга чейин Усэйн Болт ушул жылдын август айында Лондондо өткөн жеңил атлетика боюнча Дүйнө биринчилигинде акыркы жолу стартка чыгып, спорттон кетерин маалымдаган. Күйөрмандар бул жолу дагы Болтту 1-орунду камсыздап, жылуу коштошот деп күтүп жатышкан. Бирок чыныгы жашоо кинодогудай боло бербейт. 5-август күнү 100 метр аралыкка болгон жарышта Болттун старт алдында эле өзүнө ишенбей турганы байкалган. Чынында эле, ал америкалык жөө күлүктөр Жастин Гэтлин менен Кристиан Коулмэнден артта калып, коло байгеге гана илинди. 3-орун Болт үчүн орун эмес. Капаланууга али эрте эле… Алтын алууга эстафеталык жарыштар бар болчу. 12-август күнү өткөн жарыш кадимки таризде уланып жаткан. Командалаштарынан акыркы болуп финишке Болт чуркамак. Бирок ал 30-40 метрден кийин жерге кулады. Жаракат алып калган Болт финишке жетпей калды. Анын акыркы жолу чыгып жаткан старты ушундай аяктады.

МОТИВАЦИЯНЫ ЖОГОТУУ 31 жаштагы атлеттин спорттон кетишин көпчүлүк ал убакытка каршы туруштук бере албай калды деп белгилешет. Бирок бул сөздөр 35 жаштагы Жастин Гэтлинден утулуп калбаса жарашмак. Ал эмне үчүн спорттон эрте кеткендигине дагы бир нече себептер таасир берди: Жаракаттар. Болт бир дагы сезонунда дарыгерге кайрылуусуз өткөргөн эмес. Быйылкы жылы жарыштарга көп чыкпаса дагы, жайында белин дарылатуу менен алек болгон. Начар даярдык. Жыл сайын тер агыза машыгуу үчүн дагы өжөрлүк жана эрк керек. Болт акыркы жылдары машыгууга анчейин көңүл бурбай калгандыгы байкалып жаткан. Лондондогу жарышта анын даярдыгы оптималдуу эмес экендиги даана көрүндү. Психологиялык таасир. Ушул жылдын жазында Болт эң жакын досунан айрылган. Ал кездери эки жумадай өзүн таштап, машыгуусун таптакыр таштап койгон. Бул окуядан кийин Болт башка адам болуп калгандыгы айтылат. Мотивациянын жоктугу. Эң башкы жана негизги себеп. 11 жолку Дүйнө чемпиону жана 8 жолку Олимпиада чемпиону жеңишке тойгондой…

ЭМИ ФУТБОЛЧУ БОЛОБУ? Болт жеңил атлетиканы таштаган соң эми көптөн бери көксөп келген футболдук карьерасын баштаса болот. Анын алгачкы оюну өзү жактырган «Манчестер Юнайтеддин» курамында кайрымдуулук беттеште 2-сентябрь күнү «Барселонага» каршы болмок. Бирок акыркы алган жаракатынан улам бул кыялы ишке ашпай кала турган болду. «Тиземден алган жаракат мен ойлогондон олуттуу экен. Толук айыгуу үчүн 3 айдай убакыт керектелет»,- деп билдирет өзү. Муну менен «Болтту футбол талаасынан көрбөй калат экенбиз»дегендер жаңылышат. Англиянын экинчи даражадагы дивизионунда ойногон «Бертон Альбион» командасы аны курамына чакырды. «Болт мыкты спринтер. Машыктыруучулар жактырса ал биздин командада ойнойт»,- деп билдирет аталган клубдун президенти Бен Робинсон.

ОРДУН КИМ БАСАТ? «Сен Усэйн Болт болсоң дагы сага эч ким дароо жеңишти берип койбойт»,- деп айтат алыс аралыкка чуркаган айтылуу жөө күлүк Мо Фара. Бул сөздөр канча жолу чемпион болгонуң маанилүү эмес, ошол стартка канчалык даярдык көргөндүгүң маанилүү дегенди түшүндүрөт. Болттун спорттон кетиши менен жеңил атлетика негизги жылдызы саналган спортчусунан айрылды. Эми анын ордун ким басат деген суроо актуалдуу. Сыйлуу орун бош калбайт, анын ордуна эмитен күрөш башталды. Алардын арасынан 21 жаштагы америкалык спортчу Кристиан Коулмэн көптү үмүттөндүрөт. Мындан тышкары жөө күлүктөрдүн мекени саналган Ямайка мурдатан эле жаңы Болтту даярдоого бел байлашкан. Кандай болгон күндө да, жаңы чемпион ар дайым Болт менен салыштырылып турары талашсыз.
Булак:super.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here