Атамбаевдин саясатына каршы чыккандар, айрыкча ажонун арты таза эмес коррупционерлерди камалып жатканына ичи ачышып жаткандар да аз эмес. Алардын өздөрүнүн деле арты таза эмес. Маселен: «Таза шайлоо» аттуу чапанга жамынган Кубатбек Байболов, Базарбай Мамбетов, Табылды Акеров, Адахан Мадумаров өңдүүлөр:  «өлкөнү кырсыктан куткарып калышыбыз керек, кырдаалдын чыгуунун жолун табуубуз зарыл» дешип, билдирүү кылса, бир эсе күлкүң, бир эсе кыжырың келет экен эй. Алардын  «Улуттук улуу кеңеш» чакырып, «Өлкөнү сактап калуу кыймылын» түзөлү дешкени эч бир акылга сыйбайт экен. Себеби, булар өлкөнү буга чейин эле “өзгөчө” сактап бүтүшкөн. Эми мындан ары өлкө сактагын да коюп, ушул өлкөбүзгө залакаларын тийгизбей, чоң саясаттан алыс жүрүшсө болгону…

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here