Сүйүктүү жолдошубуз үчүн кам көрүү дайыма жагымдуу.
Бирок үй-бүлөлүк толук бакытка ээ болуу үчүн эркек ар качан ток, ден соолугу чың болууга тийиш. Ал үчүн эркектерге арналган атайын азыктар бар.

Деңиз азыктары

Эркектин организми да аялдыкы сыяктуу эле майлуу омега-3 кислотасына муктаж болот. Ал жүрөктүн ишин жакшыртат, канды токсиндерден тазалайт, простата безинде рак клеткасынын пайда болуу коркунучун азайтат. Бул баалуу кислотанын негизги булагы болуп деңиз балыгы эсептелинет. Балыкта омега-3төн сырткары иммунитетти бекемдеп, жыныс системасын жөнгө салуучу цинк менен селен бар. Андыктан сүйүктүү адамыңызды лосось, сельд, сардин балыктары менен баксаңыз, ал дайыма энергиялуу жана күчтүү болот.

Помидор

Эркек кишини жалаң жашылчалар менен тойгозуу мүмкүн эмес. Ошентсе да маал-маалы менен берип туруу сөзсүз түрдө керек, айрыкча помидорду. Анткени помидор тукумсуздуктун алдын алуучу ликопин затын өзүнө камтыйт. Ошондой эле бул зат аялдарга караганда эркектерде көп кездешчү карын алдындагы бездин рагынан коргойт.

Эт

Эркектер этсиз жашай алышпайт дешет. Туура кылышат. Эттердин арасынан эркектер үчүн эң пайдалуусу болуп уй эти эсептелинет. Анткени андагы оңой сиңүүчү белок менен аминокислоталар булчуңдардын өсүүсүн шарттайт. Темир болсо тонусту жогорулатып, клеткаларды кычкылтек менен байытат. Эгер сиздин сүйүктүүңүз күнүмдүк жашоосунда физикалык күчтү көп жумшаса же машыгуу залына каттаса, анын рационунда уй этинен тамактар сөзсүз түрдө болууга тийиш.

Көк чөптөр

Айрымдар көк чөптүн түрлөрүн тамак ордуна көрбөй тоготушпайт. Бул туура эмес. Булар эркектер үчүн эң пайдалуу азыктардын бири. Мисалы, салат жалбырагындагы В тобунун витаминдери жана фолий кислотасы эркектик кубатты бир нече эсеге жогорулатат. Ал эми петрушка менен укропту үзгүлтүксүз пайдалануу простата безинин рагынын алдын алат. Көк чөптөрдүн мындай касиеттеринин натыйжалуулугун арттыруу үчүн аларды каймак же жаңгак менен аралаштырып жеген жакшы.

Банан

Эркектер үчүн пайдалуу болгон азыктарды банансыз элестетүү мүмкүн эмес. Банандын курамындагы калий менен В витамини стресс менен күрөшүүгө жакшы жардам берет. Ал эми бүгүнкү ызы-чуусу көп заманда эркектерди стресске жеткирчү кырдаалдар ар бир бурчта күтүп турары бештен белгилүү. Банандагы азыктандыруучу заттар болсо чарчоону жазып, күчтү калыбына келтирет. Андыктан жолдошуңузду бул тропик жемиши менен көбүрөөк эркелетиңиз.

 Курма

Эркектердин ден соолугу үчүн эң пайдалуу болгон азыктардын дагы бири курма болуп эсептелинет. Арабдардын аны күчтүү афродизиак деп аташканы да бекеринен эмес, курма чындыгында эркектин күч-кубатын жогорулатат. Оор физикалык жумуш жасоодо да курма эң сонун жардамчы болуп берет. Бул жемиштин өпкөнүн, жүрөктүн, бөйрөктүн, боордун иштерин жакшыртуучу да касиеттери далилденген. Акыркысы, курма майрамдын эртеси баш жазууда организмди жакшы калыбына келтирет.

Сүт менен йогурт

Бул эки азык булчуң массасынын өсүүсүн шарттоочу лейцин аттуу аминокислотага бай. Ал эми ичеги үчүн пайдалуу бактериялар, белок, калий йогурттун курамында көп. Андыктан бул спортзалдан чыккандан кийин пайдаланууга ыңгайлуу азык.

Шоколад

Шоколадды туура тандоо зарыл. Башкача айтканда, ачуусун жана көп эмес өлчөмдө. Шоколаддын курамында 70%дан көп какао болсо, аны организмдеги зыяндуу холестериндин деңгээлин түшүрөт, кан айланууну жакшыртат, кан басымды тең салмакта кармайт деп билсеңиз болот.

Сөөктүү жемиштер

Сөөктүү жемиштерди илгертен эркектин азыгы деп айтып келишет. Мисалы, грек жаңгагы тамак безин йод менен азыктандырат жана иммундук коргоону күчтөндүрөт. Бадам болсо булчуң ткандарын жана сөөктү бекемдейт, ошондой эле эркектердин простатит оорусунун алдын алат.

Жумуртка

Жумуртка биздин организмибизди лютеин, белок жана темир менен камсыз кылат. Бирок бул үчүн жумуртканы сууга бышырып бүтүн бойдон жеш керек. Эркектер үчүн жумуртка булчуң массасынын топтолушу үчүн керек.

Булак:Леди кж

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here