Береги тасмадагы мигрант жигит жалпы мигранттардын атынан президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго видео кайрылуу жасап, Бабановдун бир эсе абийрин төгүп, кемчиликтерин ачык айтыптыр. Анын эки жүздүлүгүү, калпычылыгы да айтылган. Бул жигиттин кайрылуусу соцсетте көп көрүлүп, көп пикирлер жазылып жатат. Колдогондор абдан көп. Колдобой, Бабановго жан тартып жаткандары да бар. Ошентсе да, чындык бул жигит тарапта экени көрүнүп турат. Неге дегенде Бабановдун «алдар көсө» экенин, шайлоо алдында реалдуу эмес убадаларга элди тойгузуп, акчанын күчү менен «асмандагы айды алып берем» — да айтып келет. Ошол асмандагы ай өзүнө буйрусун дейли, болгону элдин убалына калбай, ушунчасында эсине келсе болот эле. Өзүнүн бир кездердеги жакын саналаштары Максим  жана анын  жоон топ достору деле эсине келбей, эсирип жүрүп, анын арты эмне болгонун өзү  жакшы билет. Баса, бул жигиттин кайрылуусун Бабанов жооп деле бербесе керек, жооп берсе деле баягы эле кооз сөздөр менен жайкарары белгилүү да. Кыскасы, ЖМКда күн сайын Бабановдун чыныгы жүзүн ачкан ушул сыяктуу макала-маалыматтар байма-бай чыгып, анын анча-мынча аброюн кемитип, кадыр баркын кетирип жатат. Бул арты таза эмес адамга боло турган кадересе көрүнүш эмеспи.

https://www.youtube.com/watch?v=lX5U0EpZ_mk&feature=youtu.be

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here