Көпчүлүгүбүз тиштин кызматы тамакты чайноо деп гана түшүнөбүз. Бирок, адамдын организми үчүн тиштин мындан башка да толгон-токой кызматы жана пайдасы бар. Мисалы, тиш адамга сулуулук берип турат, ошондой эле, организм үчүн да пайдасы зор.

-Адамдын тишине эң алгачкылардан болуп ысым берген Гиппократ деп айтышат. Ал баланын тиши сүттөн чыгат деп эсептегендиктен “сүт тиш” деп атаган.

-Шоколаддын курамындагы какао тишке курт түшүүсүнө бөгөт болот. Бирок ошол эле шоколаддагы шекер тескерисинче курт түшүүсүнө жардамчы болот.

-Жапондордун баамында, тишти күнүнө үч ирет тазалоо артыкча салмактан арылууга көмөкчү болот.

-Тиш үчүн эң кооптуу спорт-хоккей. Хокейчилердин 68 пайызы, өмүрүндө бир жолу болсо да муз үстүндө тишин жоготкон.

-Денедеги калцийдин 99 пайызы тиште.

-Өткөн кылымдын 60-жылдарындагы изилдөө боюнча, тиш щеткасынын 3000 түрлүү үлгүсү ойлоп табылган.

-Род-Айленд штатынын(АКШ) мыйзамы боюнча ишемби күнү дүкөндөрдө тиш щетка сатууга тыюу салынган.

-Петр I боярлардын тишин суу чүпөрөккө борду ороп алып тазалаткан. -Вермонт штатынын(АКШ) мыйзамына ылайык аял киши жолдошунун кат түрүндөгү уруксаты жок кийме тиш кийе албайт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here