29-август түнү  Бишкекте Афган согушунун Республикалык ардагерлер союзунун төрагасы Тыныбек Кадыров жол кырсыгынан каза тапканы белгилүү болду. Бул маалыматты афган согушуна катышып келген, досу, ЖК депутаты Кожобек Рыспаев тастыктаган.

Эске салак кетсек, аталган союзду ЖКнын 5-чакырылышынын депутаты болгон, былтыр дал ушул күндөрү оорудан улам каза тапкан Нурлан Төрөбеков узак жылдар бою башкарып келген. Ал эми минтип арабыздан күтүлбөгөн жерден акка моюн сунуп кете берген Тыныбек Кадыров аны менен бирге тыгыз иштешип, көп жылдар бою орун басары болуп, аталган союздун жеңилин жерден, оорун колдон алып келген болчу. Төрөбеков каза тапкан соң, Кадыров анын ордуна төрага болуп, союздун ишин аткарып жаткан. Ал 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо жаңылбасак КСДПдан депутаттыка талапкер да болгон. Бул жашоодон жаш кетишкен афганчылар Төрөбеков менен Кадыров Кыргызстандагы афган согушунун ардагерлеринин таламын талашып, алардын үнүн бийликке, коомчулукка жеткирүүдө, жаштарды мекенчилдикке тарбиялоодо чоң эмгектерди кылып кетишти. Эмгектерин эл эскерип жүрөр…

Тыныбек мырзанын үй-бүлөсүнө, туугандарына биз да терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Жаратканыбыз жар болуп, жанын жанатта кылсын! Кадыровдун сөөгү туулуп -өскөн кичи мекени Өзгөнгө коюлары айтылууда.

Төрөбеков Нурлан

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here