Президенттикке аттанган  Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип, ордуна президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков шайланып келди. Өткөн жумада Исаков башында турган жаңы өкмөттүн курамын бекитүү маселеси Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралды.

Кел-кели келип премьер-министр болгону турган Сапар мырза туура кырк жаштын кырында. Жаш, билимдүү, интеллектуалдуу, кесипкөй жетекчи катары артыкчылык берилүүдө. Бул жаңы өкмөттүн курамын кырк жаштын айланасындагы жаштар түздү. Тизмеге көз салсак, биринчи вице-премьерликке (Мухаммедкалый Абулгазиевдин ордуна) Улуттук банктын төрагасы кызматын аркалап келген Толкунбек Абдыгулов, Коргоо жана коопсуздук боюнча вицеликке (Жеңиш Разаковдун  ордуна) Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров, Экономикалык маселелер боюнча вице-премьерликке (Олег Панкратовдун ордуна) Мамлекеттик өнөр жай, энергетика, жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев, Чолпон Султанбекова өз ордун сактап Социалдык тармак боюнча вице-премьерликке барат.

Экономика министри Арзыбек Кожошев кызматынан ыргып ордуна президентттик аппараттын каржы экономикалык жана өнүгүү мониторинги бөлүмүнүн башчысы туура 30 жашка чыккан Артем Новиков, Өкмөттүн аппарат жетекчиси Акылбек Осмоналиевдин ордуна Нурханбек Момуналиев, Дүйшөнбек Зилалиевдин ордуна орун басары Улан Рыскуловдун барды. Ал эми Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин жетекчилигине Улуттук энерго-холдинг компаниясынын жетекчисинин орун басары 36 жаштагы Нурбек Абасканов сунушталды.

Ички иштер министри Улан Исраилов, Юстиция министри Уран Ахмедов, Мамлекеттик катто кызматынын башчысы Дастан Догоевдер дагы жаштар. Президенттик шайлоодон соң өкмөттүн курамы дагы жаңыланып Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев, Маданият министри Түгөлбай Казаков сыяктуу аксакалдар дале болсо өз ордуларында калды.

Учурдагы өкмөттүн курамын алсак деле дээрлик көбү жаштар. Демек, президент Атамабев: «Бийликке жалаң жаштар келет, мен мурдагы Акаевчи, Бакиевчи делген эски саясатчылары өзүм менен кошо ала кетем», — деген сөзүнө туруп, эски малдын көзүндөй» болгон, жедеп ташыркап калган аткаминерлерден тазалап кеткени калды…

Кыргызда «күлүктөн күлүк чыкса төрт аягы тыбырайт» дегендей, Сапар Исаковдун премьер-министр болушуна катуу каршылык көрүлүүдө.  Интернет булактарында Сапар мырзанын таржымалын чубаган видео тарап, анда Исаковдун Россия Бажы биримдигине даярдык үчүн (фитосанитардык лаборатория, заманбап бажы системасы) берген 200 миллион доллардын 139 миллион долларын азербайжандык нефти олигархтарына бергени айтылат. Мына эми үзөңгүгө бут салып жогору серпилгени турганда мындай чын-бышыгы күмөн жараткан, бирок олуттуу айып коюлган шектүү видеонун тарашы коомчулукта күтүлгөндөй эле кызуу талкууга жем таштады. Айрымдар жалган каралоо катары баалашса, кээ бирлер «жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» дешип бүшүркөө менен шектүү ойдо калышты… Буга байланыштуу Исаков: «Муну президенттикке талапкер акчалуу адам жасап жатат» деген пикирин айтып, ар-намысын коргоо үчүн чагым уюштуруп жаткандарды таап, сотко берээрин билдирди. Эл арасында болсо «президенттикке талапкер акчалуу адам» Өмүрбек Бабанов экени кеп болуп жатат. Башкача айтканда, Сапар мырза кеп төркүнүн Бабановго багыттаганын көпчүлүк айттырбай эле түшүндү.  Бул дегендик эми саат жебеси Өмүрбек мырзага каршы иштеп баштады дегенди билдирет. Эми Бабанов бийликтин «кийиз казыкты» жерге каккан токмогуна туруштук бериши керек. Ага эрки, кудурети жетпесе, бул президенттик саясий күрөш менен саясий карьерасы тамам болушу толук мүмкүн.

Буга дейре коомдо Бабановго жаш, билимдүү, чечкиндүү катары артыкчылык берилип, жаштар колдоого алып жаткан. Өрткө каршы өрт, ууга каршы уу колдонулат дегендей, Бабановду бул электораттан айрыш үчүн бийликтин жогору сересине жаш, билимдүү Исаков жаңы саясий фигура катары көтөрүлүп жатат. Эгер Сапар мырза бул кызматта өзүн татыктуу көрсөтүп, мамлекеттин жүгүн жоопкерчилик менен аркалап, элдин ишеничине ээ боло алса, кийинки президенттик жарышта фоворит катары алдыңкы планга чыгат. Ага дейре Бабановдун орду кайсы жерде болот айтуу кыйын…

Бул жолку шайлоодо Бабанов Сооронбай Жээнбековду утуп чыгышы күмөн. Президенттикке расмий катталып алгандан кийин, кол тийбестик укукка ээ болдук эми эч нерсеге карабайбыз деген инерция менен президент Алмазбек Атамабевге чабуулга өтүп, Бабанов чоң ката кетирди. Атамбаев Исаковго ишеним көрсөтүп жаткандан соң, ага каршы чыгуу Атамбаевге каршы чыгуу деген сөз экенин баары түшүнүп турат. Буга чейин өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин «Сооронбай Жээнбеков болбогондо Өмүрбек Бабановду колдомокмун» дегенин Өмүрбек мырза бурмалап, президент Жээнбековду жөн эле президенттикке сүрөп жатат, чындыгында Бабановду колдойт дедиртип өзүнө пиар катары колдонду. Эгер  президенттин айтканынын төркүнүнө үңүлсөк «Сооронбай турганда сага эмне бар» деген ишарат жасалды. Экинчи жолу, «Өмүрбек Бабановду каматпай мен сактап калгам» деп айтты. Муну дагы Өмүрбек мырзанын пиар-технологдору элге Атамбаев Бабановду башынан колдоп, жан тартып келе жаткандай түшүндүрүүгө жандалбасташты. Бирок кыраакы саясий серепчилер дароо эле бул айтылган сөздүн түпкү маанисинде (куйругуңда калбырың туруп, кайсы арыңа жулунуп жатасың, эсиңе кел) деген сылык эскертүү берилгенин баамдашты…

Тилекке каршы, президент тарабынан жасалган кыйытууларды Бабанов түшүнбөй койду, же түшүнсө дагы түшүнгүсү, эске алгысы келбей тоң моюндук менен атайын өчөштүк кылып, ар бир айткандарын өзүнүн кызыкчылыгына бурмалады. Бирок кандай максатты көздөбөсүн мындай кадамдары аркылуу Бабанов өзүнө-өзү ор казды десек аша чапкандык болбойт. Анткени ачыккка чыкпаса да тымызын тирешип, кыр көрсөткөн Бабановдун кылыгына Атамбаевдин көз жумуп коюшу мүмкүн эмес.

Демек, Сапар Исаков башында турган Өкмөттүн жаңы курамы Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилип, министрлер кабинети ант берген соң президент парламентте сөзсүз билдирүү жасайт. Бутага Бабанов алынып «ким ууру, ким шылуун» деген суроо кабыргасынан коюлушу мүмкүн.  Мына ошондон соң чөгүп бараткан кемеден келемиштер качкандай Бабановдун айланасына биригип жаткандар чилдей тарашы ыктымал. Бабановдо болсо бийликке таарынгандардын башып кошуп, «ва-банкка» кеткенден башка жол калбайт. Бирок ал мүмкүнчүлүгү деле оңунан чыгаары бүдөмүк…

Автор: Алмаз ТЕМИРБЕК уулу

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here