АКИpress агенттиги Өмүрбек Текебаевдин конфискациялана турган мүлктөрүнүн тизмесин анын мүлкүн камакка алуу тууралуу 2017-жылдын 15-мартында чыгарылган токтомдун негизинде жарыялады.
Тизме:
— Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Жараке айылынын Ж.Үсөнов көчөсүндөгү №30 даректе жайгашкан жер тилке, Ө.Текебаевге катталган;
— Бишкек шаарынын Ж.Бөкөнбаев көчөсүндөгү №111 үйдөгү 24-батир, жубайы Айгүл Текебаевага катталган;
— Бишкек шаарынын Ж.Бөкөнбаев көчөсүндөгү №111 үйдөгү №12 унаалар токтоочу жай, жубайы Айгүл Текебаевага катталган;
— Бишкек шаарынын Баетов көчөсүндө жайгашкан №74 үйдөгү 19-батир, жубайына катталган;
— Бишкек шаарынын Фрунзе көчөсүндө №402 даректе жайгашкан турак жай эмес имарат жана жер тилке, жубайына катталган;
— Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Орто-Сай айылынын Балык-Кумар көчөсүнүн №46 дарегиндеги жер тилке, жубайына катталган;
— Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Арал айылында Чычкан көчөсүндө жайгашкан турак жай эмес имарат жана жер тилке, жубайына катталган;
— 1995-жылы чыгарылган «ГАЗ-31029» үлгүсүндөгү унаа, Ө.Текебаевге катталган;
— 2005-жылы чыгарылган «Тойота РАВ4» үлгүсүндөгү унаа, жубайына катталган.
Ошондой эле, 2006-жылы чыгарылган Toyota 4Ranner үлгүсүндөгү унааны камакка алуу тууралуу токтом бар.
Булак: Фабула