“Мегаком” уюлдук байланыш компаниясынын акцияларынын 51% орусиялык Penwell ишканасына таандык деген пикирин айтылуу Азимбек Бекназаров Бишкекте өткөргөн маалымат жыйында билдирди.  Ал бул туурасында:  “Мегакомдун” 51% Penwell компаниясына таандык. Салянова аны мамлекетке алам деп мыйзамсыз иш кылган. Эми азыр Penwell эл аралык сотто утат. 200 млн доллар 7 жылда албай калган кирешеси үчүн доо коюп жатат. Елисеев да эл аралык сотко берет жана толугу менен утууга шансы бар. Анткени Салянованын сунушу менен “Мегакомдун” 100% анын менчиги деп, андан кийин гана конфискация кылынган. Жети жылдан бери “Мегакомдун” 51% дивидендин ким алып жүрөт?» — деп айтып чыкты. Салянова Бекназаровдун айткандары жалган экенин айтып, эгер Бекназаров айткан иш боюнча сот чечими чыкса “Мегакомдун” 51% мамлекетке эмес, Penwell компаниясына өтүп кетмек деп билдирген. Бирок кандай болгон күндө дагы Бекназаров мамлекеттин эмес жеке компаниянын кызыкчылыгын коргоп эскирген ишти козгоп жатканына караганда, шайлоого карата аталган компаниядан каражат алуу жагын көздөп жаткандай… Жөн жерден минтип өлкө кызыкчылыгын тебелеп «дөөрүбөйт» эле…

булак: фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here