Ошентип, санаалуу мүнөттөр мурун дүйнө элинин бүйүрүн кызытып, өтө толкундаткан «кылым беттеши» аяктады. Беттештин жыйынтиыгында бокс дүйнөсүндө легендага айланган Флойд Мейвезер Конор Магрегорду 10-беттеште техникалык нокаут менен жеңип алды. Мактанчак, тили жаман Конор Мейвезер менен 5-6 раундарга чейин тең таймаш бокусташканы менен, андан кийин чарчап, Мейвезердин оор соккуларын өзүнө жакшы эле «кабыл» алып жатты. Ал эми 10 -раунд жаңы гана башталганда бокста  тажырайбасы мол Мейфезер Конорго катуу чабуула жасап, аны үстөккө -бостокко муштап, эсин жоготконго чейин  жеткирди. Эгер судья Мейвезерди токтотпогондо, дагы бир, эки сокку жесе Конор жерге сулап жатмак. Ошентип, Мейвезер бул ирет бокс тарыхындагы эң көп гонарар 100 млн. долларды алат. Конор жеңилсе да 75 млн. доллар алмакчы. Мейвезер ушуну менен бокста 50чү жолу жеңип, карерьерасын жыйынтыктаганын айтты. Эске сала кетсек, КРК бул беттешти туз алып корсотту.

Төмөндө бокс сүйүүчүлөрүнө сапаты начар болсо да, эки мушкердин бир нече раунд беттешин сунуштайбыз.

 

https://www.youtube.com/watch?v=0y8TzxpzVrw&feature=youtu.be

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here