Бала жөтөлгөндө:

-Эгерде бала бронхитке чалдыгып, жөтөлсө, кийинки рецепт жардам берет. Түрптү (редьканы) төрт чарчы кылып, майдалап туурап, мискейге салып, үстүнө кумшекер себелеп коюу керек. Ширеси бөлүнүп чыкканда, түрптү сүзүп салып, ширесин бөтөлкөгө куюп алып, тамак ичээр алдында жана уктаар алдында 2 чай кашыктан 3-4 маал ичүү абзел. 50 кадам басканча эле дем алуусу кыйындап, отдышкадан жабыркагандарга кийинки рецепт колдонулат. 10 даана лимондун ширесин сыгып алып, ага сарымсактын он тишин майдалап кошуп, бир литр бал менен аралаштырып,жабык идиште бир жума кармоо керек. Бир күндө бир жолу төрт чай кашыктан ашыкпай, биринин артынан экинчисин удаа ичүү зарыл. Күндөрдү өткөрүп жибербей, толугу менен эки ай ичүү зарыл.

Ичтеги курттардан арылуу: 

— Эгерде ичтеги курттардан, глисттерден арылгыңыз келсе, ашкабактын семечкасын чагып жеңиз. Ал эми анын майы күйүктө, дерматитте, псориазда, муундардын оорусунда, геморройдо жардам берет. Ичегилерди тазалап, туздар менен холестеринди чыгарып, ич катканды кетирет. Ашкабактын ширесин көз ооруларына сакайуу үчүн, теринин өңүн жакшыртууда ичүү зарыл жана ал уйкусуздуктан жабыркагандар үчүн миңдин бири.

Кулак чуулдаганда:

-Эгерде кулак чуулдаса, 5%дык йод тундурмасын кийинкидей схемада ичүү зарыл. Тамактангандан кийин бир маалдан йодду бир стакан сүткө тамызып ичет, алгачкы күнү бир тамчы, экинчи күнү эки тамчы, күн сайын бир тамчыдан колдонуп, он тамчыга жеткирет. Андан кийин бир тамчыдан кемитип олтуруп, бир тамчыга чейин ичет. Он күн тыныгып, курсту кайталоо зарыл. Ошентип, үч курс дарылоо зарыл. Көбүнчөсү бир курстан кийин эле кулактын чуулдаганы токтойт, бирок, алдын алуу үчүн дарылоону кайталоо абзел.

Уйку безден: 

— Уйку бездин оорусунан, дем алуу органдарынын илдеттеринен жабыркагандарга жардам берүүчү элдик каражаттардын бири – сулу. Сулуну тазалап, сууга чылап, жылуу жерге коюп коюу зарыл. Бир суткадан кийин дан өсүп калат. Аны жууп, кургатып, майдалаш керек. Пайда болгон сулунун унуна муздак суу куюп, 1-2 мүнөт кайнатуу зарыл. Андан соң 20 мүнөт тундуруп, муздагандан кийин дароо жаңы кезинде ичүү керек. Киселди алдын ала даярдап коюуга болбойт.

Г.  Турдалиева

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here