Ит 500 миң жытты айырмалай алат. Иттердин жыт сезүү органы ушунчалык өнүккөндүктөн, башка сезимдердин баарын алмаштырат. Ал эми Япония менен Гонконда сатыкка каамыт-котормочулардын чыгышы күтүлүүдө, алардын иттин үргөнүн адамзаттык тилге которуп берет.

Мышыктын көздөрүнүн түсү улам жашы чоңойгон сайын өзгөрө берет. Ошондой эле, мышык скутердин ылдамдыгы менен саатына 50 км чуркай алат. Кааласа бир күндө16 саатка чейин укташат.

Маймылдын эркегинин карыганда чачы түшүп, кашкайса, ургаачысы өзүн күзгүдөн көрсө, тааныйт. Адам сыяктуу эле анын канаттануу же ачуулануу сыяктуу сезимдерин физиономиясынан көрүүгө болот. Мээсиндеги сүйлөө үчүн жооп берген бөлүгү жок болгондуктан гана сүйлөй албайт.

 Эмнеге экени белгисиз, бирок, жирафтардын тилдери капкара жана узундугу жарым метрге чейин жетет. Мындай тил ал үчүн колду кызматын аткарат, кээде тили менен кулактарын да тазалайт.

Жылкынын көзү айланасындагы панораманы толук камтып көрүүгө ылайыкташкан, ошентсе да, кожоюну чакырса, ал башын буруп, аны бурулуп карайт. Айтмакчы, атка алдыга карап түз олтуруу кадимки көрүнүш. Бирок, мурда суахили элинин жоокерлери тескерисинче аттын баш жагына далысын салып, ийиндери аркылуу башкарып, аттанып жүрүшчү экен, мына кызык.

Г. Турадалиева.

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here