Ошентип,  40тын кырына чыгып, кычырап,  турган Сапар Исаков бүгүн парламенттин 102 депутатынын 97синин добушу менен премьер-министр болуп шайланды. Ал эми Кыргызстандагы эки жүздүү саясатчылардын бири Өмүрбек Бабанов кечээ күнү эле Сапар мырзага каршы чыгып, болушунча кара пира таратып, өткөрбөй коюнун амалын өзгөчө көргөнү менен, бүгүнкү ЖК жыйынында анысы дээрлик жокко чыгып, ит эле болду.  Көрсө Ак -үйдөгү билермандар, депутаттар артында калбыры калың Бабановду жана анын оомо депутаттарын бир күн ичинде «тартипке» чакырып, көздөрүн чоң ачтырып койсо керек. Арты таза эмес, чечкинсиз, эки жүздүү саясатчылар гана кечээ бирди айтып, бүгүн айтканына каршы башка иш жасап жүрө беришет. Бул мисалды бүгүн иш жүзүндө «Республика-Ата-Журт» фракциясы далилдеп беришти. Алар кечээ күнү парламентте «погода» жасагылары келип, көпчүлүк коалицияны Исаковду өткөрбөй коюуга аракет кылышканы менен, бүгүн Исаковду колдошту. Болгону 5 эле адам каршы чыкты. Алар да «Ата-Мекенчилер» болсо керек.

Бабанов фракция лидери катары жакшы эле сын сөздөрү айтканы менен, кайра ал сөздөрдү артка алгандай эле болуп калды. Анча сын айтканга жараша, болушунча карышлык көрсөтпөйбү, эки жүздөнбөй.  Айткан сөзүн аягына чейин аткарбаган соң, атырылып, каадаланып сүйлөштүн, билдирүү жасаштын кажети канча? Эркек болгон соң, ошол сөзүнө турбайбы, болбосо парламентке «юбка» кийип алып келсе болмок экен. Кыскасы, бүгүн Өмүкеңер сары жигит Сапарга «сынып» берди. Баса, Өмүкеңе минтип эки жүздөнө берүү жедеп көндүм адатка айланып калган. Буга мисал катары жазында спикер Чыныбай Турсунбековду спикерликтен кетирем деп жулунуп, билдирүү таратып, каадаланганы менен, көп өтпөй бөйпөктөп, кайра эле Чыкени колдоп калган жайы бар. Ошондо да элге БӨТтүн мындай туруксуздугуна жерге түкүргөн, бул ирет бетине эле түкүргөндөй болду окшойт. Кыскасы, Президенттик шайлоого жакындаган сайын, мындай эки жүздүүлүк кадамдары  менен эл ичиндеги аброю кетип жатат. Алдыда дагы абийри төгүлө турган учурлары көп болот…

Деги эле, мындай эки жүздүүлөрдүн кыргыз элине президент болушунан Кудайыбыз сактаса экен…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here