Чагылган: Элибиздин эң сыймыктуу балбан кызы Айсулуу Тыныбекова Франциянын борбору Париж шаарында өтүп жаткан  күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта коло медал үчүн кытай балбаны Ниңниң Жун менен таймашып,  аны 6:5 эсебинде  утуп алды. Ошентип, биздин Айсулуу күрөш боюнча  дүйнө чемпиондугунун коло байгесинин ээси болуп калды. Албетте, Айсулуу чын жүрөктөн куттуктайбыз! Коло да жакшы көрсөткүч. Бирок алтын байгени ала албай калганына ичибиз ачышып турат. Белгилей кетсек, ал жалпысынан 4 беттеш өткөргөн. Биринчи 1/8 финалда германиялык Лаура Мертенсти 6:0 эсебинде, чейрек финалда нигериялык Аминат Олувафунмилайо Аденийиди 4:3 эсебинде жеңген.  Ал эми жарым финалда тунистик балбан Марва Амри менен  беттешип, алгач аны утуп жатып, бирок таймаш бүтөрүнө аз эле калганда алдырып жиберген. Ушул себептен, биздин Айсулуу ага  7:8 эсебинде, бир гана упай менен  жеңилип, негизги байге  алтын байге үчүн күрөшкө чыга албай калды. Бул жагы өкүнүчтүү эмей, эмне.

Төмөндө Айсулуунун Кытай балбаны менен болгон күрөшүн көрүңүздөр:

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here