Канадалык окмуштуулардын изилдөөлөрүнө караганда адамдын мээси 24 жаш курагында эң жакшы иштейт. Бара-бара кабылдоо функциялары жайлайт. Ошондой болсо да, айрым азыктардын жардамы менен мээнин иштөөсүн жакшыртууга болот. Төмөндөгү азыктар адам мээсине пайдалуу экендигин адистер белгилешет.

Жаңгактын түрлөрү

Жаңгактын курамындагы майлуу кычкыл заттар, темир жана фосфорлор мээнин торчосун азыктандырат. Мээге ашыкча күч келгенде ага каршы тоскоолдук жарата алышат. Ошондуктан, күнүнө жок дегенде бир даана жаңгак жеп коюу сунушталат.

Сулу акшагы

 Курамында В группасындагы витаминдер бар. Алар башкы нерв системасынын жакшы иштешине түрткү берет. Кан айланууну жакшытат. Органимди зыяндуу заттардан тазалайт. Эртең менен сулу акшагынан ботко (каша) жасап жеңиз.

 Ачуу шоколад

Ачуу шоколад антиоксиданттарга бай. Мээнин торчолорун ар кандай бүлүнүүлөрдөн коргойт. Эс-тутумга пайдалуу магний заты бар. Күнүнө 40-50 граммдан ачуу шоколад жеп туруңуз.

Көк чай

Невролог дарыгерлеринын айтымдарында, көк чай эң коркунучтуу ооруларга кирген Паркинсон илдетинен сактайт. Ал эми голландиялык дарыгерлер күнүнө 3 чай чыны көк чай ичүү инсульттун алдын аларын аныктап чыгышкан.

Сабиз

Америкалык окумуштуулар сабиздин курмындагы бета-каротин заты мээнин картаюу процессин төмөндөтөрүн айтышат. Мээнин торчлорун азыктандырат. Эң пайдалуусу эртең менен бир сабиз жеп коюу зарыл

Креветкалар

Деңиз рагына түспөлдөш келген креветкада Д витамини көп. Ал нерв системасынын иштешин жакшыртат. Маанайды көтөрүп, унутчаактыкка жол бербейт.

Г. Турдалиева

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here