Астанада өтүп жаткан көк-бөрү боюнча оюнда кыргыз көк-бөрүчүлөрү атаандаштарынын баарын таш — талканын чыгарып келатат. Буга чейин монголдорду, түрктөрдү, өзбектерди чоң айырма менен утушса, эми тажиктерди 15: 2  эсеби менен утушту. Эртең АКШдан келген көкбөрүчүлөр менен таймашмакчы. Эми алар кыргыз көк-бөрүчүлөрү үчүн кеп эмес деңизчи. Финалдык оюн 27-августта болот. Ага казак Президенти Нурсултан Назарбаев барып, көрө турганын айтылган. Кыргыз көк-бөрүчүлөрү финалда казактар менен бет келе турганы күтүлүүдө..

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here