Маймылдын мээси — кытайлыктардын кыялы Кытай ашканасында «ХоуНао» тамагы деликатес катары саналат, ал кыргызча түздөн-түз “тирүү маймылдын мээси” деп которулат экен. Императордун, кытай аткаминерлери менен байларынын той дасторконуна көптөгөн тамак-аштын арасында тирүү маймылдын мээси да берилип келген. Экзотикалык даамдан ырахат алыш үчүн алгач аны алгач байлап, тилин отко кызытылган темир күрөкчө менен күйгүзүп коюшкан. Атайын аспаптын жардамы менен приматтын скальпы алынып, баш сөөккө зарыл өлчөмдө тешик жасалган. Каны аккандан соң, азыктанууга киришишкен. Байыркы дарыгерлер бул эркектердин импотенциясын жогорулатат деп эсептешкен. Учурда Гонкондун айрым кымбат ресторандарында маймылдын мээсин эски салттарды сактоо менен даярдап беришет. Баасы 2 миңден 5 миң АКШ долларына чейин бааланат. Деги эле маймылдын эттерин кытай соода дүкөндөрүнөн оңой эле табууга болот. Кытайлыктар өмүрүндө жок дегенде бир жолу тирүү маймылдын мээсин жегенди кыялданышат, анткени, бул тамак улуу күчтөргө жакындатат деп эсептешет.

Үлүлдүн икрасы – эң кымбат азык

 

Бул көндүм эмес деликатестин мекени — Франция. Ошондой эле, байыркы римдиктер менен египеттиктер тамакка колдонуп, “Афродитанын бермети” деп аташкан. Азыркы учурда үлүлдүн икрасын дүйнөдөгү эң кадырлуу ресторандардан табууга болот. Аны өзгөчө Испаниянын, Франциянын, Япониянын жана АКШнын гастрономдору баалашат. Сыртынан караганда өлчөмү кичинекей ак бермет шурулардай, тусү каймак майдыкындай, жумшак. Адистер аны “күз даамы” деп аташып, соус же каймак кошуп жегенди сунушташат. Испан бизнесмени Джон Тробалондун фермасында 6 миңден ашык үлүл бар. Анын жумушчулары бир килограмм икра алуу үчүн 260 үлүлдүн 260ка жакын калдыгын кол менен иштетишет. Бир үлүл жылына 100дөн ашпаган гана икринка чыгарат, демек, ал болгону 4 грамм гана деликатес берет. Үлүлдүн икрасынын сактоо мөөнөтү үч ай, бир килограммынын баасы 2-2,5 миң АКШ долларына бааланат.

Эки метрлик тирүү жылан

Вьетнам ашканасы да жаныбарларга карата мыкаачылыгы менен айырмаланат. Эгерде кардар жылан буйрутма кылса, шеф-ашпозчу эки метрдик тирүү жыланды алып келип, дал ошол жерден жүрөгүн кесип карматат.

Аны чайнабай жутуп, артынан жыландын канын ууртап, күрүчтөн жасалган аракты ичүү зарыл. Жыландын жүрөгү денесинен бөлүнгөндөн кийин да, кеминде эки саатка чейин согуусун улантат. Вьетнамда бул тамак эркектердин ден соолугу үчүн абдан пайдалуу дешет. Ошондой эле, жыландын сөөктөрүн майдалап, ботко бышырып, терисин ролла жасап, этинен шишкебек кылып жешет.

Уулуу жөргөмүш…

Уулуу жөргөмүштү ысыгында Камбоджада жөргөмүштүн уулуу тарантул деген түрү деликатес блуп саналат. Анын өлчөмү эркек кишинин алаканындай, коркунучтуу уулуу азуулары болот. Куртту чактырып албай, абайлап кармап келишкенден кийин, ашпозчу ресторанда аны туздап, сарымсак кошуп, казанга кууруп, дасторконго ысык кезинде берет. Даамы тооктун эти сымалдуу жана дайыма колдонуу дем алуу органдарынын илдеттеринен арылтат.

Куурулган эмен жалбырактары

Япониянын Осака шаарында эмендин куурулган жалбырактарынан даярдалган даамдар популярдуулукка ээ боло баштады. Бул азыктын аты ушул жерже өскөн эмендин турүнүн атынан Момидзи Тэмпура деп аталат.

Деликатести даярдоо үчүн жалбырактарды чогултуп, туздуу сууга узак убакытка чылап коюу керек. Андан соң таттуу камыр кошуп, 20 мүнөт кууруп, дасторконго ысык тамак катары дагы, муздатылган түрүндө дагы коюлат.

 

Даярдаган: Г. Турдалиева

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here