Күрүч кошулган бул эң жөнөкөй маска теринин түсүн жакшыртып, бырыштарды азайтууга көмөктөшөт.

Керектелүүчү азыктар: 3 чай кашык күрүч; 1 чай кашык сүт; 1 чай кашык бал;

Даярдоо: Күрүчтү бышырып, сүзүп алыңыз. Суусун бөлүп коюңуз. Күрүч боткого жылуу сүт менен жылуу балды кошуңуз. Кошулманы таза, кургак бетке жабыңыз. Он – он беш мүнөттөн кийин күрүч даярдалган сууга жууңуз. Күрүчтүн суусу күчтүү антиоксиданттык касиетке ээ. Күрүч беттин терисин нымдаштырып, кан айлануусун жакшыртып, сепкилдерден арылтат. Ал эми бал менен сүт жаңы бырыштардын пайда болуусунан коргойт. Оптималдуу натыйжага жетишүү үчүн жумасына бир жолудан үзгүлтүксүз колдонуп жүрсөңүз, өз курагыңыздан жаш көрүнөрүңүз бышык.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here