“Жакшыдан жаман туулат, бир аяк талканга алгыс” деген кеп бар. Анын сыңарындай, дүйнөдө атактуу адамдардын балдарынын арасында терсаяк тентектер да жок эмес. «Чоң» болуп иштеген ата-энелер уятка калып, балдары үчүн көп азап тартышат. Булардын айрымдары менен төмөндө таанышсак.
10-орунда: Сталиндин уулу Василий.
Каарман учкуч болгон, бирок, аягы жаман бүткөн. Айлап жумушка келбей, мамлекеттик каражаттарды (20 млн рублга жакын) соодалап, түгөткөн. Ичкиликке жакын болуп, кол алдындагы аялдарды бузган. 1955-жылы Василий Сталин 8 жылга түрмөгө кесилген.
9-орунда: Сталиндин кызы — Светлана Аллилуева.
1967-жылы кайрылгыс болуп кеткен. Индияга ырасмий эмес күйөөсү — индиялык коммунисттин тажиясына кетип, АКШ элчилигинен саясий качкын макамын сураган.
8-орунда: Брежневтин кызы Галина.
Бриллианттарды, «Мерседес» автоунааларын, антиквариатты, кымбат тамак-ашты жана кымбат ичкиликти сүйгөн. Галина атайын ооруканада 1998-жылы көз жумган.
7-орунда: Жан-Кристоф Миттеран.
Франциянын мурдагы президенти Франсуа Миттерандын уулу курал-жарак сатууга катышкан. Мындан тышкары, салыктан 632 миң евро жашырып койгон.
6-орунда: Марк Тэтчер, «темир леди» Маргарэт Тэтчердин уулу.
Гвинеядагы төңкөрүштү уюштурууга катышкан. Анын акчасына төңкөрүшчүлөр аскердик вертолет сатып алышып, президенттин сарайын басып алууга аракет кылышкан.
5-орунда: Эң белгилүү «тентек» кыз — Монако принцессасы Стефания.
Ал үйүнөн Парижге 17 жашында качып кетип, сүйүү отуна малынган. Акыркы цирк кожоюнуна арналган. Уулун аялы менен ажыраштырып тынган Стефанияны циркачтын энеси «ажаан» деп атаган.
4-орунда: Женни менен Барбара Буш
Өспүрүм кездеринен спирт ичимдиктерине жакын болушуп, көп чуулгандуу окуяларга кабылышкан.
3-орунда: Алясканын экс-губернатору Сара Пэйлиндин кызы Бристоль Пейлин 16 жашында төрөгөн.
2-орунда: Ливиянын мурдагы президенти Муаммар Каддафинин уулу Ганнибал.
2004-жылы Сардинияда мастыгы менен яхтанын рулун башкара албай калган. Римде полиция кызматкерине кол салып, Парижде мас абалында автоунаасы менен кырсыкка учураган.
1-орунда: Австралияда Уинстон Черчиллдин чөбөрөсү үч жылга эркинен ажыратылган.
Ал квартирасында экстази таблеткаларын чыгарган. Үйүнөн баасы 8 миллион доллар турган 50 килодон ашуун баңгизаты табылган.
Даярдаган: Г. Турдалиева.