Кыргызстандын көк бөрүчүлөрү Астанада өтүп жаткан көкпөр (көк бөрүнүн казакчасы) боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында бүгүн, 23-августта Түркиянын курама командасы менен беттешти. Үчүнчү турдагы оюн 13:3 эсеби менен Кыргызстандын пайдасына аяктады.
Кыргызстандыктардын башкы машыктыруучусу — Ислам Тазабеков.
Астанада 20-августта башталган дүйнөлүк чемпионат 12 команданын катышуусунда 28-августка чейин улантылат.
Кыргызстандыктар алгач 21-августта Моңголиянын командасы менен беттешип, эсеп 4:0 эсебинде биздин жеңиш менен аяктаган.
22-августта Кыргызстан менен Өзбекстандын курама командалары ойноду. Жыйынтык — 11:2 жана жеңиш Кыргызстанда.
Эки турдун жыйынтыгы менен Кыргызстанда 6 упай топтоп, А тобунда 1-орунга чыкты Булак:turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here