Франциянын борбору Париж шаарында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунун таймаштары уланууда.

Бүгүн 23-августта кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн төрт салмакта байгелер ойнотулуп жатат. Кыргызстандан бул мелдеште Назира Марсбек кызы, Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы күч сынашууга чыкты.

58 килограммга чейинки салмакта Айсулуу Тыныбекова 1/8 финалда германиялык Лаура Мертенсти 6:0 эсебинде жеңип алды. Чейрек финалда нигериялык Аминат Олувафунмилайо Аденийи менен таймашып, 4:3 эсебинде жеңишти камсыздады.

Жарым финалда тунистик Марва Амри менен таймашып, ага 7:8 эсебине утулуп калды. Эми ал коло үчүн таймашат.

Буга чейин бул мелдеште кыргызстандык Назира Марсбек кызы (55 кг) алгачкы беттешинде утулса, Айпери Медет кызы алгач түштүк кореялык атаандашын утуп, 1/8 финалда белорусиялык спортчуга жеңилип калган.

Булак :Азаттык

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here