Япониянын Дасен тоосуна альпинисттер үчүн кубаттуулугу миң адамга эсептелген 1729 метр бийиктикте эки жаңы даараткана салынган. Буга япон бийлиги 600 миң доллар бөлгөн. Алар тазалоо үчүн вертолетту колдонушат.

Улуу Британияда “Туалеттер ассоциациясы” жыл сайын улуттук сынактын жыйынтыгында мыкты даараткананы аныктап турат. Америкада: Бостондо дуйнөдөгү эң кымбат биотуалет орнотулган. Механикалык эшик салынып, кара металлдан жасалган туалет өзүн өзү жууйт. Наркы 250 миң долларлык бул туалетти полиция кызматкерлери кайтарышат.

Финляндияда: туалет-автоматтар бар. Чатырында маяк күйүп турат, жашыл жарык күйсө, бош, кызыл күйсө, киши бар деген белгини түшүндүрөт.

Сингапурда дүйнөдөгү эң таза дааратканалар жайгашкан. “Таза дааратканалар – татыктуу коомдун белгиси” деген аталыштагы форумдар өткөрүлөт. Дааратканалардын дүйнөлүк ассоциациясын 1999-жылы Джек Сим түзгөн жана ал “Мистер Туалет” атыккан.

Түштүк Кореяда дааратканалар аялдардыкы жана эркектердики деп бөлүнбөйт. Кээ бир ажатканалардын алдыңкы эшиктери айнектен жасалган.

Гонконгдо таза алтындан жасалган ажаткананын бир эле унитазы 3 миллион доллар турат. Алтын полду чийип албаш үчүн киргендер бутуна бахилла кийип киришет. Эсиңизде сактаңыз Дааратканага кирүүдө кээ бир эрежелерди сактоо зарыл. Айрым учурларда бул эң эле жөнөкөй нерселерди этибарга албагандыктан, каш-кабактын ортосунда кырсыкка кабылышыбыз ыктымал.

Бул эрежелер төмөнкүлөр: 1. Катуу оорулуу адам жүрөгү токтоп калбасы же капыстан приступ бербеши үчүн даараткананын эшигин илбей кириши зарыл. Ушул себптен дүйно жүзүндөгү көптөгөн клиникалардын илгичтери жок. Мындай кырсыкка кабылып рок-н-ролл королу Элвис Пресли, айтылуу Улуу Екатерина, 36 жаштагы актриса Кристина Пароди каза тапкан.

  1. Кайсы жакта дааратканага кирдиңиз унутпаңыз, маселен, самолетто баратсаңыз, люктан учуп кетпеш үчүн, сак болушуңуз зарыл.
  2. Ар бир буюмуңузду этияттаңыз. Чөнтөк телефонду, маанилүу документтерди чөнтөккө салбай эле койгонуңуз оң. Бир англичанка айым жасалма тишин дааратканага түшүрүп жиберип, аны алуу үчүн каратканда, он эки жасалма тиш чыккандыгы маалымдоо каражаттары жазып чыгышкан. Булардын арасында анын жасалма тиши болгон эмес.
  3. Дааратканада ойнобоңуз. Мисалы, жөн гана ширеңке чагып, текшерип көргүңүз келсе, ис чыгып, организмди ууландыраары бышык.

Автор Г. Турдалиева.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here