Алмазбек Атамбаев башында турган кыргыз бийлиги 100 тоннанын тегерегинде алтыны бар Жерүй кенин 2015-жылы 100 млн. долларга орусиялык чечен ишкер Муса Бажаевге саткан. Бажаевдин өнөгү кадимки “Граф” Алижан Ибрагимов. Ал Жерүйдүн 40% үлүшүнө ээ.

100 тонна алтын 4 млрд. доллардын тегерегинде бааланат.

Кумтөрдөн кийинки Кыргызстандын эң ири алтын кени болгон  мына ушул Жерүйдө мамлекеттин 1%да үлүшү эч каралган эмес. 100 млн. долларга 4 млрд. долларлык алтын сатылган.

Демек, “мурда лицензиялар 300 сомго сатылчу, биз Жерүйдү 100 млн. долларга саттык”, — деп президент  Алмазбек Атамбаев канчалык мактанбасын, актанбасын  мамлекеттин кызыкчылыгы сакталган эмес.

Мамлекеттин миллиарддаган долларлык кызыкчылыгы сакталбай калганда, лицензия 300 сомго сатылып коррупция жасалабы, 100 млнго сатылабы айырмасы аз.

Жерүйдү Бажаевге сатууну Өмүрбек Бабанов да абдан колдоп-жолдогон. Ага Бабанов Бажаевдин мунай бизнеси боюнча эски өнөгү болгону да себепкер болгондур. Мүмкүн башка кызыкчылык жаткандыр…

Атамбаев жана Бабановго таянган Бажаев жана Ибрагимов Жерүйдү сатып алгандан кийин кыргыз өкмөтү менен Генералдык макулдашуу түзгөн эмес. Демек, кенди кандай жол менен иштетүү, экологияны кандай сактоо аныкталып, такталган эмес. Ошого жараша кенди иштетүүнүн мөөнөттөрү бузулуп, кен ылгоочу фабрика, уу заттар сакталчу жай да курулган эмес.

“Кенди сатып алганбыз”,- деген Бажаев жана Ибрагимов өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип жүрөт.

Кыргызстандык эксперттер Жерүй кени боюнча кыргыз бийлиги мамлекеттик кызыкчылык эмес, мына ошол Бажаевдердин компаниясынын кызыкчылыгын коргоп келатканын такай белгилеп келатат. Бирок ага Акүйдөн “илгери 300 сомдон сатылчу, биз 100 млн. долларга саттык. Мурда кайда элеңер?” деген кыжырланган, чычалаган жооптор чыгат.

Орусиянын Коммерсант гезитинин 11-августагы жазуусуна караганда, Муса Бажаев Жерүй алтын кенин  өзү иштете албай, аны Кытайдын мамлекеттик China gold компаниясы менен биргелешип иштетүүнү көздөп жатат.

Бажаев жана Чайна голд  ушул август ичи Жерүйдү иштетүүнүн техника-экономикалык негизмедесин даярдап, аны кыргыз өкмөтүндө бекитүүгө жетишүүнү көздөөдө.

Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоо алдында Жерүй алтынын эми Кытайдын мамлекеттик компаниясынын колуна өткөрүп берчүдөй болуп турат.

Булак:Элньюс.медиа

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here