Чагылган: 11 жаштагы Кытайлык бала Лианг Яоуи (Liang Yaoyi)   өзү теңдүүлөргө караганда акылдуу болгон жана чоңойгондо доктур болгусу келген. Мектепте жүргөндө башы катуу ооруп, ооруканага алып барганда ага коркунучтуу диагноз коюлган. Анын башында шишик  бар экени белгилүү болгон. Ошол күндөн баштап Лиангдын каалоосу өлгөндөн кийин органдарын башка бирөөгө өткөрүп берүү болгон. «Дүйнөдө канчалаган жакшы адамдар бар, мен дагы алардын бири болгум келет. Донор болсом менин жашоом улана берет»-деп өлөөрүнө аз калганда энесине айткан.

Дарыгерлер анын боору менен бөйрөгүн донорлукка алып калган. Сүрөттөн доктурлар ага баштарын ийип, таазим кылып жатканын көрүүгө болот. Лиангдын каалоосу менен кимдир бирөөнүн бактылуу жашоого үмүтү пайда болгондур.

11 жаштагы баланын кыялында ар түркүн оюнчуктар болсо, бул баланын кыялы  бирөөгө жаңы жашоо тартуулагысы келген экен.

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here