Союз урагандан кийин пайда болгон буюм-тайымдардын ичинде баклажкасыз (желим бөтөлкөсүз) тиричилик өтпөйт. Суусундуктардын түрү, ал тургай вареньеден өйдө куюлуп, ары жак, бери жакка ташылат. Ичиндегиси бошогондо ар жерде калат, талааларга, ал тургай мына минтип калаадагы каналдарга чейин ыргытып кете беришет. Ал эми “сезон” убагында, тагыраагы, айран-сүт, кымыз чыгып, сатык кызыганда жана жайлоодон кымыз чаптаган дал ушул маалда баары издейт. Талаалардан да, таштандылардан, керек болсо, каналдардан дагы… Каналдын көпүрөсүнүн бир бурчунда агып кете албай, токтоп калган баклажкаларды айылдыктардан сүт алып саткандар алышат экен дагы, ичин чала-була жууп, кайра сатыкка пайдалана беришет дешет көргөндөр. Анан ичеги-карын илдети кайдан чыкты? — дейбиз, туугандар. “Көзүм көрбөсө, мейли…” деп, көрмөксөнгө салбай, ичиндегисин ичкен соң, көрүнгөн жерге ыргытпай, көңүлгө түйө жүрсөк деген эле кеп.

Автор: Г.Турдалиева.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here