Өзбек президенти Шавкат Мирзёев президент болгондон бери эки билекти түрүнүп салып, болушунча иштеп жатат. Ал бир топ реформалык багыттагы иштерди баштады. Ошондон улам анын өлкөсүндө жана дүйнө аренасында аброюу өсүп жатат. Ал аз күн мурун атка минерлери окуучулардай кылып тизип алып, бир топ эле “өпкөзүн үздү”.  Өзгөчө мыйзамсыз иштерди көп жасаган прокурорлорду тилдеп, деги эле прокурорлорду жек көрөрүн ачыктады. Аны менен катар өзбек атка минерлери карапайым эл кандай жашай турган болсо, мындан ары ошондой жашаарын айтып, бир катар мисалдарды келтирген. Маселен, элде суу жок болсо суусу жок, электр жарыгы жок болсо ошондой жашайсыңар деген. Ал эми өткөндө өзүн мактап, маркум Ислам Каримовду жамандап, сындаган телеканалдын директорун кызматтан алган. Ал эми биздин бийликке ушундай көрүнүштөр тааныдыкпы? Бул жаагын өзүңүз талдап алыңыз?

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here