Өткөн жуманын эң эле актуалдуу жаңылыгы – бул Азимбек Бекназаров менен Камчыбек Ташиевдин кафеде олтуруп, сүйлөшүп жаткан сөздөрү жазылган аудиосу болду. Жазылган сөздөр чыккандан кийин эки саясатчы көнүп калган адатындай эле танып кетмейдин атасын окутуп, жанын жеп жатышат.Уккан болсоңуз, ал жазууда эки саясатчы өздөрү эле сүйлөшкөн.  Бул бийликтин, УКМКнын иши деп чыгышты. Азике ал жазууда: “Текебаевдин сөөгүн агартканча калп айттым. Калп айткан сайын, Кудайдан кечирип сурадым”- деп бакылдаса, Ташиев Текебаев мага кат жазып жибериптир. Ал: “Камчы үкөм, 22синде менин туулган күнүм болгон. Сен мени 23үндө куттуктап вино бербедиң беле дептир. Мен аны куттуктаган эмесмин. Кутукттаганым эсимде да жок”- деп бакылдаган. Ал ортодо Өмүрбек Текебаевдин аялы Айгүл айым “Азаттыктын” журналисттерин үйүнө чакырып, 2010-жылы Текебаевге Ташиев берген 4,5 литрлик вискини көрсөтүп, анын чоо-жайын айтты. Ошентип, бул маселенун ичеги –карды чубалып эле жатып калды. Бул жерде ким күнөөлүү? Бекназаров болсо:”Бул деген монтаж. Менин үнүмдү туурашты. Туурагандар керек болсо менин чоң атамдын деле үнүн туурап коюшат” – деп  акылга сыйбаган кепти айтты адатынча. Элестетиңиз, өзү 60тан өтсө, атасы 90дон өтөт. Ал эми чоң атасы 120 жашка чыгып калган болот. Ал киши барбы? Же өтүп кеткенби? Өтүп кетсе, кантип туурашат да, кантип жасашат? Бул жагы акылга сыйбаган  сөз болду. Башкасын айтса да, ушинтип айтпаса болмок. Актанам деп, артык кылам деп тыртык кылып алды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here