Ош шаарында 25 жаштагы Алишер Таджибаевдин сөөгү табылган. Кылмыш иликтөөнүн натыйжасында кылмышка шектелип, Балыкчы шаарында 1995-жылы, Талас районунун 1996-жылы туулган эки жигит кармалышкан. Ал 29-июлда Ошко келишип, аскерде бирге кызмат кылган досу менен жолугушкан. Акчага муктаж болгон А. Р. менен К.Т. машине уурдап, кайра аны сатып жиберүүнү максат кылышып, Анар кичи районуна келип, “ЛексусI IS 200 “ машинесинде олтурган Алишер Таджибаевге келишип, Араван районунун Гүлбаар айылына жеткирип коюга көндүрүшкөн. Нооакат районун Кеңеш айылын жеткен жолдо айдоочуну токтотушуп, муунтуп өлтүрүшкөн. Экөө анын сөөгүн арыкка таштап, машинаны айдашып, Бишкекке келишкен. Машина Дордой базары жактагы Тери заводунун аймагынан табылган. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here