Көк бөрү боюнча Кыргызстандын курама командасы 21-августта Казакстандын Астана шаарында башталган дүйнө чемпионатына катышуудан баш тартты.
Чемпионаттын уюштуруучулары кыргызстандык командадан күлүктөрүнүн арткы буттарындагы такаларын алып салууну талап кылган. Кыргызстандык көк бөрүчүлөр буга макул болбой (регламентте мындай шарт жок болчу), 1-турда Моңголиянын командасына каршы оюнга чыккан жок.
Уюштуруучулар Кыргызстандын көк бөрүчүлөрү 0:7 эсебинде утулду деп бүтүм чыгарып, андан кийин гана аттарынын такалары менен оюнга чыгууга уруксат беришкен. Мындан кийин Кыргызстандын командасы турнирге катышуудан баш тартып, артка кайтып келе жатышат.
Окуя тууралуу:
16-августта көк бөрү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы дүйнө чемпионатына катышуу үчүн Астана шаарына барган. Көк бөрүчүлөр Кыргызстандан 14-августта узатылган болчу.
Көк бөрү боюнча дүйнө чемпионаты Астанада 20-28-август күндөрү 12 команданын катышуусунда өтмөк.
Булак:turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here