Аз күн мурун Бишкектин Октябрь райондук сотунда бүгүн Канжар Кадыралиевге карата козголгон кылмыш иш боюнча соттук териштирүү уланып, кылмыш иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү.  Ток этер жерин айтканда, Кадыралиевдин соту Чубактын кунундай эле чубалды.  Эске сала кетсек,  мындан 3 жыл мурун Башкы прокуратура Канжар Кадыралиевге карата Кылмыш кодексинин “бейбаштык”, “опузалоо” жана “өзүмбилемдик” беренелери боюнча иш козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон болчу. Кадыралиевдин соту мына ошондон бери бүптөй, өзүнчө эле ар кандай ойго келбес иштер болуп жатат. Кадыралиевдин күнөөсү далилденип, жабыр тартуучулар улам көрсөтмө берип жатканы менен жыйынтык жок. Бул эмне деген шумдук? Акчанын күчүбү? Же тааныштыктын күчүбү? Жогорку бийликтегилер элдин кыжырын кайнаткан мындай көрүнүштү катуу көзөмөлдөп, сот иштерин атайын созуп жүрүшкөн таза эмес сотторду эстерине келтирип койсо…Аны атайылап эл тил кат менен бошотуп жиберишти. Бул эми жеткен акмакчылык эмеспи. Соттун иштебегендиги деп мына ушуну айт. Айласы кеткен сот анын ишин кайра тергөөгө жибергендиги маалым. Эми тергөөчүлөр ага жан тартып, сасышпаса эле болду.  Кыскасы, уят эй. Мынчалык мыйзамсыздыкка, мынчалык пастыкка барбагылачы, бай болгурлар…

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here