Чагылган: Белгилүү болгондой кыргыз эли ЖК депутаты Искак Пирматовду таза эмес, артында калбыры бар, коррупциялык иштерге шектүү катары жакшы билет. Буга далил да бар. Себеби, ал Бакиевдин тушунда «Кыргызнефтигазды» жетектеп турганда мамлекетке 260 млн. долларга жакын акча жеди деп шектелип, ага кылмыш иши козголгон. Бирок депутаттык кол тийбестикке, депутаттардын колдоосуна таянып, кылмыш жообуна тартылбай, суудан кургак чыгып кеткен.

Пирматов «Кыргызнефтигазды» кыйратып жатканда дейли, анын оң колу, так айтканда  2008-2010-жылдардагы орун басары Ренат Макенов деген болчу.

Бул адамдын азыр жылдызы жанып, Бишкектин бакыйган мэри Алыбек Ибримовдун «асмандан» түшкөн биринчи орун басары, ( вице мэр) мындайча айтканда оң колу  болуп дайындалганы коомчулукта кызуу талкууга түштү. Аны Ибримовго ким сунуштады? Пирматовбу? Жагдай түшүнүктүү болсо керек. Себеби, экөөнүн мамилеси илгертен жакшы, бул мамиле чоң бизнеске байланыштуу. Анткени, Макенов «Манас» аэропортуна күйүүчү май ташып келген «Интек» аттуу фирманы жетектеген. Ал эми  Ибримов  менен Пирматовдун бизнеси да дал ушул күйүүчү май бизнесине байланыштуу болуп, ал тууралуу да бир топ маалыматтар чыккан. Кыскасы, Пирматовдун айтканы, дегени менен болуп, анын жаманын жашырып келген кургур неме, эми Ибраимовдун ишин жакшыртабы, же тескерисинче артка тартып, авторитетин кетиреби? Айтуу кыйын. Кепилдик да жок. Кыязы, Макенов элпек, өтө тил алчак, «өздүк» иштерди өтө так аткарат окшобойбу. Пирматов ушундан улам аны баалап келсе керек.  Бизде чоң кызматтарга дайындоо схемасы ушундай жолдор менен ишке ашып, ашмалтайы чыгып келатканына коомчулук деле көнүп калгандай…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here