Баланы эркелетпей чоңойтууга болбойт. Бирок ата-эне сүйүү менен эркеликтин ортосундагы көрүнбөгөн чекти билгени оң. Кантип туура эркелетүү керек экендиги боюнча балдардын психологу Карлыгаш Акимкулова кеңеш берет.

1. Наристеңиз төрөлүп 2 жашка чыкканга чейин «колуңа алба, эрке кылып аласың» деген сөздөрдү укпаңыз. Наристе али эркелегенге аң-сезими жете элек.

2. 2 жашка чыккандан баштап «болбойт», «жок» деп түшүндүрүү зарыл. Баланын «мен бул үйдүн падышасымын» деген түшүнүк алышы туура эмес. Үйүндө баары уруксат берилип, жок дегенди билбей калган балдар теңтуштары менен тил табышып, бакчага, мектепке көнүп кетиши оор.

3. Көп оюнчук алып бербеңиз. Бирин кармап функциясын түшүнгөнчө, экинчиси кызык көрүнөт, аны кармалаганча үчүнчүсү… Тез тажап, көңүлдү бир нерсеге толук бурууга үйрөнбөй калат. Бала үчүн 3-4 даана такай ойной турган, сүйүктүү оюнчугу болгону жетиштүү.

4. Гиперкамкор болбоңуз. «Мен кылып коём» деп жатып ата-эне баланын өз алдынчалыгын чектеп салышат. Аяп аркасынан дайым сиз жүрсөңүз бала даярга көнүп калат. Баланын каталарын алдын алуу үчүн жан далбастабаңыз. Бүгүн жыгылдыбы, эртең ал жерден абайлап өтөт.

5. Учурда мигранттар балдарын ата-энесине же туугандарына таштап кетүүдө. Же ата-эне күнү кечке иштегенге мажбур, баласына жетишерлик убакыт бөлө албайт. Өздөрүн күнөөлүү сезип, балдарга кымбат баалуу белектерди жөнөтүп же чөнтөгүнө көп акча беришет. Ага акча асмандан жаабай турганын, эмне үчүн анын жанында көп боло албай жатканын жай, ишенимдүү түшүндүрүп койгону оң. Жашына жетерлик камсыздаңыз, ашыкча кереги жок. Өзүңүздү күнөөлүү сезбеңиз, бала аны дароо сезип, сиздин үстүңүздөн манипуляция кыла баштайт.

6. Толук эмес үй-бүлөдөгү балдар үчүн да ата-эне (көбүнчө апалар) өздөрүн күнөөлүү сезип, болгон убактысын, акчасын, айрым учурда жеке жашоосун да курмандыкка чалат. Сиздин курмандыгыңыз баары бир атасынын ордун толуктай албайт. Бул тагдыр экенин, бала эч кимден кем эмес экенин айтып түшүндүрүү керек. Аны ийримдерге катыштырып, потенциалын өстүрүңүз, жакшы кийим, жаңы телефон, кымбат машина эмес, психологиялык жактан туруктуулугун камсыздаңыз.

ЭМНЕЛЕР АШЫКЧА ЭРКЕЛЕТҮҮГӨ ЖАТПАЙТ?

Бала үчүн чогуу өткөргөн убакыт эч качан көп болбойт. Кошулуп ойноңуз, иш кылып жатканда жаныңызга алып алыңыз, бир жагынан үйрөнүп, экинчи жагынан өзүн керектүү сезет. Китеп окуп, жомок айтып бериңиз, зоопаркка, киного чогуу барыңыз. Бала менен көп сүйлөшүү керек. Эч качан суроосун жоопсуз калтырбаңыз. Өзүңүздүн эмоцияңызды, кайсы бир учурда кабыл алган чечимдериңизди, күлкүлүү окуяларыңызды, биринчи сүйүүңүздү айтып бериңиз. Ал үчүн өтө кызык болот жана турмуштук сабак алат. Эң маанилүүсү, сизге ишеними артып эртең бир жаман окуяга туш келсе, алгачкы оюна келген адамы сиз болосуз. Үй-бүлөдөгү атмосфераны жаңыртып туруңуз. Жайлоогобу, көлгөбү, чет өлкөгөбү чогуу чыкканга аракет кылыңыз. Балаңыздын дүйнө таанымы кеңейип, өз алдынча болуусуна жардам бересиз. Көп кучактаңыз, жүзүнөн сүйүңүз, мээрим төгүңүз. Кеминде баланы 1 күндө 7-8 жолу кучактап турсаңыз, психологиялык абалы туруктуу болот. Балаңыз канча жашта болсо да сүйүүңүздү билдириңиз. Бул эч качан ашыкча болбойт. Балаңыздын бала бакчада болобу, мектепте болобу маселелерин чогуу талкууга алыңыз. Ортодон чогуу чечим чыгаргандан бала кандай абал болсо да чыкса болорун үйрөнөт.

ЖОК ДЕП АЙТУУНУН ЖОЛДОРУ

Айрым учурда балага жок деп айтуу ата-эне үчүн оор болот. Кааласа, асмандагы айды да алып бергенге даяр. Бирок бул бала үчүн зыян. Андыктан жок дегендин жолун да билиңиз.

1) Тыюу салганда «жок» деп жай, бирок ишенимдүү түрдө бекем айтыңыз. Антпесеңиз, бала кайрадан уруксат берет экен деп ар кыл жоруктарды көрсөтүп, булкулдап же көзүн жашылдантып баштайт. Жол бербеңиз.

2) «Жок дебедим беле» деп какшанып кечке айтуунун кереги жок. Мүмкүн болушунча бул сөздү аз колдонгонго аракет кылыңыз. Болбосо балага көнүмүш болуп, реакция кылбай калат.

3) «Жок» дедиңизби, ошол сөзгө бекем туруңуз. Бир жолу «мейли» деп койсоңуз, бала экинчи жолу да болот экен деп ойлонуп калат.

4) Урушуп, уруп тыюуга мүмкүн эмес. Анын ордуна болбойт деген нерсени өзүңүз да кылбасаңыз ага көбүрөөк таасир берет. Мисалы, «сен телефонду чукулаба, болбойт» деп туруп өзүңүз телефон чукулап отурсаңыз, ал нерсе балага таасир бербейт. Балага өзүңүз да үлгү болуңуз.

5) Айрым учурда «жок, болбойт» дегендин ордуна башка нерсени сунуштасаңыз көңүлү ага бурулуп, сураган нерсесин унутуп калат.

ЖЫЙЫНТЫК Кыз бала эрке болуп калса, турмушка чыкканда маселе жаралат. Башка үйдүн шартына көнүшү оор болот. Ата-энесинин камкордугунан чыга албай өз алдынча жашап кете албай кыйналышат. Кыздарды кичинесинен аялзатынын эң негизги функциясы мээримдүүлүккө, сабырдуулукка, үй-бүлөлүк мамилени, бала кароону үйрөтүү зарыл. Эркек бала эрке болсо, даярга көнсө, жашоодо ордун таап кеткенге оор болот. Биринчи эле турмуштук сыноодон сынып жеңилип берет. Ичип же жаман чөйрөгө кошулуп кетиши мүмкүн. Өмүр бою жанында эркелетип жүрө албайсыз, кайсы бир учурда коё берүүгө туура келет. Ошондо бала турмушка таптакыр даярдыксыз болуп калат. Эркек балдарга көбүрөөк кара жумуш аткартып, акча тапканга, жоопкерчиликке, өз алдынча болгонго, оор абалдарга туруштук бергенге үйрөтүү керек.

КАЙСЫ УЛУТ КАНДАЙ ТАРБИЯЛАЙТ?

АРАБДАРДА – балдарга сүйүү жана мээрим көрсөтүү, жүзүнөн сүйүү сүннөт. Мухаммед (С.А.В.) пайгамбар «Балдарыңарды көп өпкүлө, ар өпкөн сайын бейиштеги даражаңар жогорулайт»деген сөздү бекем тутунушат. Ислам дининде жазалоо катары колго жана далыга акырын чаап койгонго уруксат берилген.

ЕВРЕЙЛЕР – баланын көзүнчө акча тууралуу аз же таптакыр сүйлөшпөйт. Наристеде дүйнөдө бардык нерсени акча чечет деген ой жаралбашы керек дешет алар. Кичинесинен балдардын каалабаган нерсенин аткартышпайт, бирок өзү каалап кылганы туура эмес болсо жаза колдонушат. ЯПОНДОР – балдарга өтө камкор, уруп жазаламак турсун 5 жашка чейин балага үн көтөрбөйт. Билимине кичинесинен кам көрүшөт. 3 жашынан баштап тамгалап окуганды үйрөтүшөт. Музыка, табият сүйүү, достук мамилелерине көп көңүл бурушат.

КЫРГЫЗДАРДЫН – эзелтеден келе жаткан тарбиясы «баланы жашынан, аялды башынан» деген макалдын негизинде. Кичинесинен эркек балага жоодон коргонушту, кыздарына ыйбаалуу болууну, үй тиричилигин кылганды үйрөтүшкөн. Үйдүн улуусу тамактан ооз тиймейин, башкалар күтүп турган. Балдар көз менен башкарылып, ашыкча сөз сүйлөнгөн эмес. Ата-эненин балага болгон сүйүүсүнөн да баланын ата-энеге болгон сый-урматы күчтүү болгон. Кыргыздардын мурунку тарбиялоо ыкмасын карап койсок ашыкча болбостур.
Булак:super.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here