Назарали Арипов деген арабөк саясатчы чалыш бирөө бар. Бул адамды Бабанов 2010-жылы Жогорку Кеңешке депутат кылган. 5 жыл аралыгында ЖКда депутат болгону менен кыйратып иштебеген арабөк, сөзүнөн башка берекеси жок депутаттардын катарында калган. Өзү да оозун чоюп, ар кайсы маселени мээси жетсе деле, жетпесе деле айта берет. Ушундан уламбы, айтор Бабанов аны чанып койгон. Орто жолдо боз-ала болуп калган кургур, Бакыт Төрөбаевдин “Өнүгүүсүнө” секире качкан. Төрөбаевге кошоматка “кой эмес, төө союп” ЖКда депутат болбосо да, аталган фракциянын БШКдагы  өкүлү болууга жетишкен. БШКга барганда деле чынчыл болуп кеткен жок, баягыдай эле “быкшып” иштеп, өзүнө чоң таасири бар саясатчыларга  жагынуу иретиндеби, кошомат кылыппы, айтор өз көз карашы менен эмес, бирөөлөрдүн чечими менен иштеп жатат. Буга мисал катары абакта актала албай жатып ажо болгусу келген Текебаевге жан тартып, анын пайдасына БШК жыйындарында добуш бергенин, андан тышкары, арты таза эмес, былыгынан улам, байма-бай жазышып,  өзүн катуу сындап, элге ачыла элек жүзүн ачып берген журалисттердин, басылмалардын үстүнөн  укук коргоо органдарына, БШКга ыйлай-сыктай  арызданып жаткан Бабановдун кызыкчылыгына иштеп жатканы байкалып калды. Айта кетсек, учурда Бабанов 5 маалымат агенттиктеринин үстүнөн БШКга арыз жазган. БШК Бабановдун каалоосу менен, БШКдагы бабановчулардын чоң салымы менен алардын биринин аккредитациясын алып, калгандары боюнча материалдарды  укук коргоо органдарына жиберди.

Мына ушул жыйындын жүрүшүндө  мурунку “шефине” жан тартып, ал үчүн өзгөчө жан алекетке түшкөн Ариповдун

аракетине БШКчылар да таң берди. Ал эми ошол жыйынга катышкан журналисттер баш чайкагандан башка аргасы деле калган жок. Жыйын соңунда  чындык үчүн, улуттук маселе үчүн чыркырашкан журналисттер Назарали Ариповдун мындай аракетин терс баалап, бетине чындыкты айтышканда, ал кызаңдап айтыша кетти эле,  журналисттердин бири: “Сен Бабановдун шестёркасы болчусуң, эми деле ошол бойдон калыпсың, ал белгилүү” – деп айтканда, чындыкка чычалаган Арипов “Бабановду урганым жок. Ал мага ким болуп калыптыр!”- деп “балп” этти. Андайды укканда журналисттер тим калчу беле. Ариповго: “Духуң  жетсе, ошентип ачык айтып интервью бериңиз” – дешти эле, артын карбай кабиетине киргенче шашты. Оозуна алы жетпеген соң, ооздон чыккан сөзүнө турбаган соң антип айткандан кетеби? Алына жараша сүйлөбөйбү десең. Эркек болгон соң, эркекче жүрбөйбү. Эркек болбосо, анда эмне шым кийип жүрөт?.. Арипов мындай темп менен кете берсе, аз күндө азыркы “шефи” Бакыт Төрөбаевди деле сатып кетиши мүмкүн. Төрөбаев да бул маселенин үстүндө ойлонушу абзел. Ансыз деле “Өнүгүүнүн” бир катар депутаттары башка фронтко ойноп жатышпайбы.  Бизде саясатчылардын көбү сатылма, эки жүздүү, таза эмес, уруу, элди ойлошпойт.

Андыктан, мамлекеттин кызыкчылыгына, улутттук маселеге көз жумуп, кылмышка шектелген, анан бир гана акчанын күчүнө ишенген саясатчылар үчүн жан үрөгөн немени БШКны былгытпай, Сооронбай Жээнбеков айтмакчы, “Чык эшикке” – деп кубалап чыгыш керек. БШК мындай эки-үч фронтко ойногон, туруксуз, арабөктөрдү тазалабаса, анда өзү эч качан тазаланбайт. Иши да алдыга жылбайт. БШК мындай адамдар менен иштеп жатканда, алыска барып, атпай  журттун алкышына арзыбайт. Демек, бул маселени жогорку бийлик ойлонушу керек.

Булак: Багыт

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here