Чагылган: Президенттин мурдагы кеңешчиси Калыкбек Султановдун аялы Роза Султанова узакка созулган оорудан улам  кечээ күнү каза болгондугу маалым болду. Маркум Роза айым, мугалимдик кесипти аркалап келгендиги айтылууда. Калык Султанов Кыргызстандагы № 1 курулуш компаниясы болуп эсептелген «Авангард Стилди» түптөп чыгып, аны  2011-жылга чейин башкарган. Андан соң 4 жыл Транспорт жана коммуникация министри болгон. 2016-жылы Президенттин кеңешчиси болуп дайындалып, бул кызматтан аз күн мурун эле кеткен болчу. Анын кызматтан кетишин КСДПнын Бишкек шаары боюнча штабын башкара тургандыгы менен байланыштырып жатышкан.

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here