Чагылган: Бүгүн интернетте  ажо болом деп эчак асманга учуп кетип, ошол бойдон жерге баспай, мансапка мас болуп жүргөн Өмүрбек Бабановдун  элдин акчасына, тагырагы Кыргыз-Орус өнүктүрүү банкынан миллиондогон доллар алып, Манас-Горкий  көчөлөрүнүн кесилиштерине курган «Азия мол» аттуу соода түйүнүнүн тегерегиндеги борбор шаарга болушунча көрк берип, асман тиреп турган жашыл бактарды чекесинен кыйдырып жатканы тууралуу маалымат чыгып, ал кызуу талкууга түштү. Жактырган киши аз, каргагандар көп. Себеби, анысыз деле бир кездеги жашыл шаар аталган Бишкекте акыркы учурларда бактар азайып, экология кескин бузулуп кеткени ырас. Бул маселеге Бабанов жана бабановчулардын баштары оорубайт. Урганы деле жок. Бабановго бизнеси гүлдөп, элдин акчасын ошол соода түйүндөрү аркылуу соруп турганы миң артык эмеспи. Бул маселе боюнча Бишке мэриясына караштуу «Жашылдандыруу» мекемеси менен Бабанов ортосунда тирше болуп жатканы да айтылууда. Бул маселеге социалдык сеттерде 100дөгөн пикирлер жазылып, басымдуу бөлүгү Бабановду төө бастыга алышууда. арасында бабановчулардын фейктери да БӨТкө жан тарткан пикир жазып жатышат. Кыскасы, бул адамга мансап менен эле байлык керек окшойт. Элди ушунча нааразы кылбай, Кудайды карап, тобо келтирсе болбойбу. Бийлик деле Бабановдун былыктырына көз жумуп келет.  Кудай алдында баарыбыз бирдейбиз. Байлык колдун кири. Эртең эле итке минип калышы ажеп эмес. Бийлик — бул сыноо! Атадан калган мурас эмес, бийликтен да кол жууп, эл алдында жооп бере турган күн келет. Андыктан эл менен эсептешип, кутурбай, көздү чоң ачып жүрүү керек. Бул айтылган кептер бардык кыргыз атка минерлерге тишелеүү.

Төмөндө бул маселеге карата ФБда пикир жазган майрым мекендештерибиздин ойлорун ортого салабыз:

Казбек Токтолиев Кыргыз-Орус” өнүктүрүү фондунан көп суммадагы кредит алууга ниет кылган Өмүрбек Бабанов эки жолу максаты орундалган эмес. Үчүнчү жолу Кубанычбек Кулматовго казак олигархы Машкевич ортомчулук кылып Бабановго 17 миллион доллар алып берген.

Эркинбек Айдар Уулу Чириген бактарды кыйып салуу керек мунун айынан адам омуру да кыйылып калуда бирок бабанов шайлоо астында минтип элди алдабай эле койсун.

Казбек Токтолиев Фонддун уставы боюнча берүүлүчү кредит өндүрүшкө, айыл чарба, завод-фабрикаларга жумшоого максатталган. Өмүрбек Бабанов Машкевичтин жардамы менен фонддун принциптерин бузуу менен чоң суммадагы 4 пайыздык каражатка ээ болду. Аны Бишкек шаарынын чок ортосуна “Азия молл” деген соода борборун куруп жатат.

Bektur Seitov ал сумма ага Атамбаевтин уруксаты менен берилген. ошол кишини суракка алыш керек. прокуратурага кайрылыныз! кулматов туура эмес берсе. куноо ошолордо! ишкер кишини томон пайызда кредит алдын деген криминал жок!

 

Сегодня вокруг ТЦ «Азия Молл» вырубают деревья. 

Между «Зеленстрой» и Бабановым из-за этого идут трения… 
По Горького уже почти много чего вырубили. 
У меня вопрос к Бабанову — неужели бизнес дороже природы и здоровья людей?!

Уважаемые СМИ, журналисты и активисты — что вы все молчите?! Вы же так радели за Зеленый Бишкек?!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here