Чагылган: Атактуу Арнольдду ааламга тааныткан дал ушул «Терминатор» (1984-жылы тартылган) киносу эмеспи. Андан бери 30 жыл ичинде «Терминатордун» 5 –бөлүгү тартылды. Акыркысы бир нече жыл мурун «Терминатор 5: Генезис» деген ат менен чыккан. Аны дүйнө коомчулугу жакшы эле кабыл алганы менен, кино сынчылар тарабынан жылуу кабыл алынган эмес. Бул легендага айланган  «Терминатордун» режиссёру Джеймс Камерон 6-бөлүгү быйыл чыга  турганын айтканы менен, план өзгөрүлүп кеткен. Эми кино эмки жылы март айында чыга турганы айтылууда. Шварценегр өзү да бул киного тартыла турганын,  кино тартуу иштери жүрүп жатканын билдирген.

Береги тасманы «Терминатордун»  биринчи бөлүгүндөгү айтылуу көз ирмемдерди «Терминатор-6га» трейллер катары интернетке жарыялашкан.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here