Бокеге, 2-май күнү үйүнө барып жолуктум. Эс алып жаткан экен: — Жакшы  келбедиңби, өзүмчө кыжаалат болуп, тынчсызданып жатам, «түшүмдө Рысбай ака келиптир, жанагы 6 томдук китепти ачып алып, аябай өксүп ыйлап жатыптыр…» деп үшкүрүнүп алды. Көңүлүн башка сөзгө буруп кеттим, алаксытып… Болбой эле, — «Эртең тигиге жолугам, жардамчысы чалды, анан буга барам, болбосо тигинин өзү менен сүйлөшүм» деп, бир топ сөздөрдү айтып, өзүнчө ойго баткансып, телевизорду карап калды. Анара эже чайга чакырып калгандыктан ашканасында бир аз олтуруп калдык. Боке адатынча «автордук» жармасынан жутуп алып «Ак калпак күнүндө» Нарынга барып келгендигин, дагы бир иштер менен Таласка барып кайтканын, Искусство Университетинин юбилейине конок катары, «Эл аралык Рысбай клубунун» жетекчиси Султан Борошев экөө барышкандыгын, Санкт-Петербургдан келгенден бери «бутум чуркап калды» ушул сен «камчылап турбасаң, жатпаймынбы жалкоолугум кармап» деп тамашалап  күлүп, бөлмөсүнө  эс  алганы  кирип  кеткен.

Эртеси күнү, Ч.Итигулованын уюштуруусу менен «Эл аралык Рысбай клу-           бунун» колдоосунда, Улуттук Консерваторияда боло турган концерт тууралуу сүйлөшмөкпүз. Концерттин  жүрүшүн тартууну, ЭлТР каналынын директоруна дайындап, дагы бир канча адамдар менен сүйлөшүшү керек эле. Бирок, сүйлөшө албай койдук, Боке бир чекитти тиктеп эле олтурат, өз бөлмөсүндө акырын жөтөлүп коюп. Жалал-Абаддан клубдун жетекчиси С.Борошев телефон чалып, «Боке менен сүйлөштүрүп кой» деп суранганынан, телефонду кулагына кармадым, ошондо да сүйлөбөйт. Мен, ыйлап жибердим: — Сизге эмне болду? Кечээ эле жакшына элеңиз го! – деп. Көздөрү эле жалдырайт. Бирок, биздин үнүбүздү кулагы угуп жатканбы, телефонду кулагына кармаганымда дагы кыска жөтөлүп, диванга акырын кыңайып жата кетти… Кечинде эле, Анара эже Бокенин ооруп калганын айтып, телефон чалды. Башкаларды билбеймин, бирок менин  колумдан телефонум ыргып, чочуп кеттим. — Эмне, эже больницага барайынбы, деп сурасам — Жок, эч кимди киргизбей жатат, өзүнө келгенде көрөсүңго, кабарлашып турабыз -деп, ыйлап телефонун өчүрдү эже. Мен, Бөкөнбай Боркеевдин элесин  эстеп  олтуруп  калдым…

2004-жылдын Май айы. Менин  колума, Жалал-Абад  мамлекеттик Универ-      ситетинин  базасында  ачылган «Эл аралык Рысбай клубунун» түзүлгөндүгүнүн     10  жылдыгына карата өтүлө турган «Ырдын пири – Рысбай» аталышындагы   сынактын  Жобосун  беришти. Аздыр-көптүр  чыгармачылыктын  «казанында кайнап», ырларын  ырдап  жүргөндүгүм, Рысбай  агайды  жакындан билгендигим, агай каза болгондо ОшМУнун чоң залындагы коштошуу митингинде элдин ыйлаганын көрүп «Ушундай талантты да ажал алып кеттиби?!» деп умсунганыбыз эсиме келип «Залкардын, кийинки чыгармачылгы кантти экен?» деген- суроо кызыктырып турду. Жобону көтөрүп алып, туура эле ОшМУнун музыка факультетинде иштеп жаткан обончу, ондогон ырлардын автору Эген агай Талиповду издеп таптым. Агай экөөбүз, Жобонун негиздерине таянып, обончунун ондон ашык ырын тандап алып, факультетте уюштурулуп, агай жетектен «Үмүт» фольклордук тобунун студенттери менен иштешип баштадык. Кыска                убакытта, ырларыбыз даяр болуп, 10-май күнү эртең  менен «Кайдасың, Жалал — Абад?» деп жөнөп кеттик. Эмгегибиз кайтып, биз Гран Прини утуп алдык. Ошол учурдагы Жалал-Абад облусунун губернатору Жусупбек Шарипович Жээнбеков, сыйлыкты тапшырып жатып, бизди жылуу куттуктап «Клубдун он жылдык тарыхында, мындай катышуу биринчи жолу катталып жаткандыгын» баса  белгилеп,  бизге  ийгилик  каалаган  эле.

Ошондогу Кутман, Улан, Элдияр, Алманбет жубайлар Гүлчач менен Солтолордун кубанычтарын эстедим. Кутман белгилүү ырчы болуп чыга келсе, Уланды  биле  албадым. Элдияр, окууну аяктагандан кийин Россияга кетип, кырсыктап каза болгонун укканымда, клубдун архивинен ырдаганын көрүп, ушунчалык өксүдүм. Гүлчач, Аксылык обончу-дастанчы Б. Стамкулованын сиңдиси болсо, Солтобай  Оштогу С.Ибраимов атындагы Улуттук театрдын театр-кино актөру, КРнын эмгек сиңирген артисти, театрдын көркөм жетекчиси. Обончунун 70 жылдыгынын Бишкекте өткөн жыйынтыктоочу турунда, акын Эгемберди Эрматовдун сөзүнө жазылган «Махабат балладасы» чыгармасын аткарып, Гран Прини утуп алган, белгилүү ырчы Айпери Кулбаеванын сүйүктүү агасы. Боке, ошондо: — Рысбайым өлбөптүр, силерге ушунчалык ыраазымын, -деп баарыбыздын  кимдигибизди  сурап-тактап  чыккан  болчу.

Боке, Рысбай агайдын ушул ырын өзүнүн аткаруусунда «алтын фондго» жаздырып калбаганын, анан да «Рысбай» деген аталыштагы романы… «олуттуу себептерден улам» окурмандарга жетпей, орто жолдон миңдеген нускасы менен макулатурага «түшүп кеткенин» айтып алып, ыйлаганын эстедим. Р.Абдыкадыров каза болгондо Боке, обончунун тажиясынан келип алып, КТРдын эски студиясындагы «Алтын фонддогу», «ака досунун» ырларын жаңыртып коюп алып, буркурап ыйлаганын эстедим. Боке, ыйлаганда мен сөз таппай калчумун. Ал сүйлөй берчү ыйлап, мен жаза берчүмүн көзүмдүн жашы токтобой…

Ошол сынакта биринчи жолу Бокени жанынан көрдүм. Оо, анда Бокенин, Боке болуп турган учуру экен, дөөлөттүү-сөөлөттүү болуп. Биринчи күнү сынак, экинчи күнү обончунун чыгармачылыгы боюнча илимий конференциясына катышып, үчүнчү күнү Гала концертти жыйынтыктап кайтканбыз. Сынактын катышуучуларынын бир гана «Бөкөнбай Боркеев эмне деди?..» дешип, артынан   ээчип  алгандары таң калтырган. Себеби, ал киши калыстар тобунун төрагасы болчу. Анын карааны көрүнгөндө «келатат» деп удургушат да, клубдун жетекчисин көздөй чуркашат. Рысбай агайдын чыгармачылык экинчи жашоосу элди ырлары менен биротоло ээрчитип алгандыгын, Бөкөнбай Боркеев турганда, клубу иштеп жатканда, Рысбай агай «өлбөстүккө айланып кетиптир» деп кайт-    кан  элек.

Клубка мүчөлүккө кабыл алынып, чыгармачылыкта Боке менен тыгыз иштеше баштадым. Р.Абдыкадыров жөнүндө кандай гана иш-чаралар болбосун, Бөкөнбай Боркеев дайыма обончунун «кан досу» жана ардактуу коногу катары башында турчу. Ош менен Жалал-Абаддын «Рысбайчылары» Бокени, ушунчалык урмат менен күтүп алышып, «берерге чайын, айтарга сөзүн таппай» калышчу. Калдайган карааны «авторитет» болуп, кудум «ака досу» Рысбайдай болуп, артынан  бир  канчасын  ээрчитип  алып, ырыскысын  тең  бөлүшүп  эле  жатып калчу. Рысбай агайга окшоп, «чөнтөгү жыртык, колу ачык». Бир иш  боюнча арызданып калсаң, «Ошондо, мен бар белем?» деген сөзү менен «өлтүрө  чапкан», «Эй, сарт! Азыр чаап жиберем!» деген ормон опузасы менен «желиңди  чыгара  койгон»  өткүр  да,  тамашакөй  да  эле…

Мен үчүн Боке болуп калганы, жылдап  айтып да, жазып да чарчабаган «ака досу, Рысбай» жөнүндөгү 6 (алты) томдук китептин азабы болду… «Рысбай агайдын 70 жылдыгына» чыгара коөт элек деп, Бокенин Көк-Жардагы үйүнө айлап-апталап «жашап алып», күндөп-түндөп олтуруп жазган китеп, «ака досунун» 70 -75 жылдыктарында дагы чыккан жок! Мына ошол, 6 томдук китептин текстин компьютерде терип, корректировка-редактировка кыламын деп алты жылдан ашык Боке менен Анара эженин ашын-чайын ичип, асыл насааттарын угуп калдым эле. Анча-мынча адамды жактыра бербеген Бокеге, «Ырга  айланган өмүр» деген китебин, кайрадан башкача кылып «иштеп салсам», таң калганынан: — Эй, сарт! Сени  менен  иштешсем  болчудай. Менин «ит  кыялыма  чыдасаң, «Рысбай» жөнүндө  китеп  жазабыз, ошонун текстин сен компьютерде  жазып-тересиң, уктуңбу?» деди. Уктум, укканда да абдан сүйүнүп, өзү айткандай «меңдубана жеген койдой» болуп уктум. Анткени, Боке менен иштешүү, ар  бир  эле  каалаган  адамга  буйруй  бербейт  эле…

Ушул томдук китептин идеясы «Эл аралык Рысбай клубунун» негиздөөчүсү  жана жетекчси Султан Борошевдики болгондуктан, Боке менен макулдашып анан баштаганбыз. Клубдун архивдик материалдарынын топтомун көрүп абдан таң калган. Китептин материалдарын «майдалап», ички мазмунун, чындыгын коротпой элге жеткирели деп, талашып-тартышып, ачуу айтышканга чейин барчубуз. Анткени, «ака досунун» жашоосун, чыгармачылыгы менен жан-дүйнөсүнүн чындыгын, Бокечелик эч ким толук билбейт болчу. Бул, Рысбай агай менен Бокенин достугун сыйлагандыгыбыз болсо, Бокенин КТРдан иштен кетип, «эс алуусунда» клубдун  Президенти кылып шайлап алып, биротоло досунун чыгармачылыгына «чырмап» салып, ишеним артканыбыз үчүн, макул- дугун берген эле. Себеби, «Рысбай» романына күйүп кеткенден кийин, эч кимди эч качан «өз дүйнөсүнө кабыл албаймын» деп калган экен! Бишкекке карыздап жүрүп каттасак да, Бокенин тажабай, досу жөнүндөгү айткан эскерүүлөрү чарчообузга дем берип, Боке өзү айткандай «Рысбай» деген «оору» менен жашап калдык. Себеби, Боке  Рыспайга, С.Борошев ал экөөнү тең «преданный» болушуп, мени өздөрүнө «преданный катчы» кылышып байлап алышты. Султан агайдын байбичеси Даана эже, биз Бишкекке барган сайын тандыр  нанын  жаап, салаттарын  салып  берчү. Боке, тандыр  нанын  жакшы  көрчү.

Клубдун жетекчиси, Бокени Кыргызстанды түрө кыдыртты «жыртык байпак, жыртык сапошкасы» менен арзыбаган айлыгына кайыл кылып. Боке, ошондо дагы бир ыраазы болду! Китептин материалдарын С.Борошев топтоштуруп, жүздөгөн адамдар менен жолугушуп, алардын үндөрүн камерага жаздырып келсе, Б.Боркеев адабиятташтырып, мени ээрчитип алышып, Бишкектин бир башынан экинчи жагына жана Бишкек, Ош, Жалал-Абадка «көчүп да, өчүп да жүрүп» жаздык. Бийлик алмашкан сайын «билермандар да көбөйүп», биз кайра-кайра оңдой берип, аз жерден «акылдан аза» турган болуп кала жаздаганбыз! Ошол жылдардагы биздин аянычтуу абалыбызды, жакындан билген, азыркы ЭлТР каналынын котормо бөлүмүнүн уюштуруучусу, Олжобай аке көрүп калып: — Султан ака, ушул азап силерге керек беле? — деген суроосу дагы  деле  менин  «мээмде!»  илинип  турат, суроо  боюнча…

Чын эле адамдардын руху бар болсо, анда «Рысбай  агайдын  руху, Бокенин ичине кирип алган эмеспиү?..» деп калчумун. Кандайдыр бир күч башкарып тургандай сүрдүү, талапчыл да болуп, өзүнүн «мыйзамына» баш ийдирип, дагы  өзү айткандай «преденная собака» болуп чыга келчүсүң. Себеби, Бокенин купулуна толгон чыгармачыл адамдардын көбүн көрдүм үйүнөн. Аларды канатына калкалап, кадырын көтөрүп, колдоо көрсөтүп, багыт берип, элге таанылуусуна «Бөкөнбай Боркеев» деген аты эле иштеп койчу. Чыныгы таланттарды таптаган мүнүшкөрдөй болуп, бир канча ырчылардын багын ачып кетти. Клуб ачылган 1994-жылдан бери, Бокенин Ошко же Жалал-Абадка келип-кетип жүргөндө гү жашоосу, окуялары эле дагы бир китептин каарманын жаратып салды. Кандай гана «ыплас» сөздөрдү угуп, кандай гана «ызалуу күндөрдү» башыбыздан кечирбедик! Бир идеяны бериши менен, дароо жазып колуна кармата койсом: -Ушу сен, өзүңдү жоготуп жүрөсүң, чыгармачылык менен иштебей, — деп кейип калчу, жарыктык. Күнү барабызбы, түнүбү дайыма эшиги ачык болуп, Анара эже  экөө, уйкуларынан  турушуп, таң  атканча божурашып, сүйлөшүп олтурчубуз  тажабай.

Кээде маанайы жок болуп, капа болуп турганда: — Кулагыңды тоссоң, сага   бир сөз айтайынбы?- деп шыбырап, анан  «Сен, мага көңүл айтпайсыңбы?» деп   акырын доолашып калчу…Андайда мен «Макул, Сталин ака!» — деп чест берип    койсом, «Да-а, мен, Сталин акеминби?» деп, компоюп-мулуңдап калчу. Анткени, калдайган  боюн  акырын  жүргөн  басыгы  менен  толуктап, көкүрөгүндөгү   кайнап жаткан ойлорун, акырын күңгүрөнүп сүйлөп, кыска гана сөз менен айтып салчу. Оңойлук менен үнүн көтөрчү эмес, эгерде эле үнү көтөрүлсө, бектен-хандан  кайра  тартпаган  өткүр  мүнөзү  менен,  өз  чындыгына  «чымынды» да     кондурчу эмес. Өз  атын  жаманатты кылган адамды, биротоло жашоосунан сызып салчу «Арбак, кечирбейт!» деп. Кайсыл темада сүйлөшпөйлү, ар бир окуяны далил менен толуктап айтчу. Мен анда тамашалап «Сиз, живой энциклопедиясыз  Боке!» деп  койчумун.

Дагы бир күнү: — Менин бир көзүм ордунда турабы? – деп сурап калды. Эмнеге, сурап жатасыз, эки көзүңүз тең бетиңизде турат го, — дедим. Кайра эле, «Анда, менин  бир  көзүм  каякта?» дейт. Мен, таптакыр түшүнбөй калдым. Бир  аздан соң, «Анда бул сүрөттөгү ким?» деп сурап жатпайбы, паспортко жаңы түшкөн  сүрөтүн  көрсөтүп. Көрсө, Россиянын  Санкт-Петербург  шаарындагы   Кыргыз маданий борборунун курамында ачылган «Рысбай клубунан», Султан Борошев экөөнө чакыруу келип, ошого паспортун жаңылаганы сүрөткө түшсө, сүрөтүндө «жигит кезиндей» болуп бажырайып туруптур. Ошол  сүрөтүн, Боке  каза болгондо чоңойтуп, боз үйдүн маңдайына илип коюшуптур. Чындыгында, Бокенин  жүзүнөн  жашын, оюн  да  оңойлук  менен  байкай  албайт  элең.

Китеп жазчумун деген «кээ бирөөлөрдүн» акча үчүн (!) Рысбай Абдыкадыровду тандап алышкандыгы Бокени «боорго» тепкендей кылышты. Жүрөгүндө аздектеп жүргөн ыйык «ака досун» ойго келбеген «орсок сөздөрү» менен сүрөттөшүп, байбичелерине чейин «баа берип» көзү ачык боло калышкандыгына, Бокенин «өз чындыгы» кабыл алалбай койду. Обончунун өзү жактырып алган ар бир байбичесине сын айтып, акыл айткан «жазмакерлерди» Боке, кечире албай койду! Ал, Рысбайдын жашоосу… Рысбайдын ыйык сезимдери деп! Боке, ушундай ыпластыктардан Рысбайын коргой албай калгандыгына арданды, намыстанды! Ал тургай, Бокенин өзүнө, көрбөй калган көзүнө, сүйлөгөн сөзүнө чейин  асылышты  кээ  бир  «пенделер!»…  Көргөн  көздү, уккан  кулак  жеңет  болушуп.

Эгерде, Давлет эженин көзү тирүү болгондо, мындай «алешемдиктердин» алдын алып, татыктуу жоопторун бермек. Рысбай агайга биротоло өмүрүн арнап койгон Давлет эженин сыймыктуу тагдырына, Анара эже да тагдырлаш болуп, Бокенин бардык «каприздерине» чыдап, жашаганына таазим  кыламын…    Анткени, Боке — «Рысбай менен Бөкөнбайдын ит кыялына, бир саат дагы катын (аял) чыдыбайт» деп, бизге качан эле Туке, (Түгөлбай Казаковду айтат) аныктама берип койгон» деп айтып, ошол «аныктаманын негизинде эле» ака досу экөөсүнүн «айыптарын» актап салчу! Мен, Рысбай агайдын байбичелери Тоту эжени  да, Оңол  эжени  да, Бокенин  улуу  байбичеси  Аккүл  эжени  да көрдүм. Бар болгула, азаада байбичелери. Сиздер ошондой тагдырларыңыздар менен улуусуздар,  ыйыксыздар…

Боке, Рысбай агайды кандай даңктаса, анын шакирттери жана замандаштары деп: Ж.Алибаевди,Т.Казаковду, К.Тагаевди, А.Бөдөшов менен К.Эралиеваны, Г.Садыбакасова, И.Жунусов, И.Аманбаев, М.Бостонкулов сыяктуу, кыргыз обон дүйнөсүнүн ондогон орошон таланттарынын чыгармачылык таржымалдарын, Рысбай агайдын өчпөс өнөрү менен бир отоло жуурулуштуруп, кийинки муундар үчүн «тарых кылып» таштап кеткендиги менен да бийик турат! Арасында «кайтыш болуп кетишкен залкар обончуларыбыз» дагы бар. 6 томдук «Рысбай» китебинин ар биринде жазып чыкканбыз. «Рысбай-Бөкөнбай» темасы бүтпөстүккө айланып кеткендиги качан. Рысбай агайдын ырларын сүйүп уккан кыргыз эли, Султан Борошев жетектеген «Эл аралык Рысбай клубу»,  артындагы «Рысбайчылары» турганда алардын  аты  аңыз  болуп, муундан — муунга  айтылып, жазыла берет…

Бокенин көзү өткөндөн бери, мезгилдүү басылмаларда эскерүү макалалары  жазылып жатат. Бирок, «эки достун» эч ким кайталай албаган достугун, ишенимдерин, жүрөк сырларын, өз ара мамилесин, экөөнүн  эч ким  билбеген «чындыктарын чыркыратпай», бурмалабай, көркөмдөп «көзү ачыктык кылбай» эле коюшса. Алар, ошол аңызга айланган тагдырлары, армандуу махабаттары, жашоосундагы ак-кара турмуштары жана бактылуу байбичелери менен «Рысбай-Бөкөнбай» болуп жашап өтүштү. Искусство менен маданиятыбыздын алтын доорлорунда ошол «табышмактуу өзгөчөлүктөрү» менен сакталып калышат. Улуттук консеваторияда, ушул жылдын июнь айында болуп өткөн «Рысбайчылардын» концерти ЭлТР каналынан толук көрсөтүлдү. Жөнөкөй гана элдин ичинен чыгышкан ырчылар. Концерттин соңунда «Эл аралык Рысбай клубунун» ардак грамоталары, дипломдору менен сыйланышып, аларды Рысбай агайдын бир тууган бажасы Акылбек аке, 6 томдук «Рысбай» энциклопедиялык китебинин ноталарын кагазга түшүргөн Жумабек агай, клубдун вице президенти Жумакадыр Курмангалиевдер менен биргеликте, Рысбай агайдын улуу кызы Алтынчач менен Бокенин улуу кызы Айгүлдүн тапшырып жатышкандарын кү-р\п олтуруп, артында калышкан кыздары эле, «эки достун» элестерин өчүрүшпөй  элибизге  эскертип  турушарына  кубандым.

Ал эми, алдыда «Эл аралык Рысбай клубунун» түзүлгөндүгүнө 25 болгону турат. Клубду жетектеген С. Борошевдин эмгеги менен клубдун, республика боюнча эле 75 бөлүмү ачылып, географиялык аймагы ааламдашып кеткендигин, «Рысбайчылардын» эки мууну пайда болуп, улам катарлары калыңдап, жаш  таланттардын өсүп жаткандыгын, элибиз эң сонун билишет… Бирок, Бокенин   көзү өтүшү менен, биз иштеп-жазып чыккан китепти «менчиктештирүүгө» аракеттенип, чуркап жүргөндөр жөнүндө угуп-билип туруп, жана «Майдан» гезитинин № 25 (303) 05.06.2017. санындагы 9-беттеги «Ырдын пири Рыспай» аталышындагы Орозбек Бөрүгулов агайдын көлөмдүү макаласын окуганымдан кийин жана кээ бир себептерден улам унчукпай коө албадым. Бокени акыркы сапарга узатуу зыйнатында жүрүп, жүрөктү сыздаткан «чындыктарга» күбө болдум, ошондо да ишенген эмесмин. Рысбай агай өзү айтмакчы «Эң жакшы ырымды али жаза элекмин» деп өзүнө-өзү канааттанбай жүрүп өтүп кеткендей, Боке да «ака досунун» аманаттарын аягына чейин аткара албай, Рысбай агайга арнап өз кыялында Бишкекке куруп алган, «көркөм эстелигин» көтөрүп алып, бул жалгандан  кетип  калды…

«Үмүттөр, адам  өлгөндө өчөт!» дешет. Күтүүлөрчү, ишенимдерчи, убадларчы?! Алар да өчүшөбү? Өлдүңбү, бардык  кыялдарың, максаттарың өзүң менен кошо көмүлүп арман болуп артыңда айтылып калыш керек беле? Болбосо мен, Боке туралуу «эскерүү жазып калам» деп эч качан ойлогон эмесмин. «Рысбайдын аманатын аткарышым керек» десе эле, Боке, өлбөй тургандай элестетип жүрүптүрмүн. Көрсө — үмүттөр, максаттар, ишенимдер, күтүүлөр өчүп, убадага тойгондо  Генийлер  — ушинтип  таарынып  кетип  калышат экен!…

Эки   ай  мурун  үйүңүздөн  жолуккам,

Көпкө  олтуруп, сүйлөшүп  ден  соолуктан.

«Рысбайдын  өзү  келди  десеңиз» —

Ырым  кылып, жакшылыкка  жооруткам…

Кабарды  угуп, «Бокең,  оору» — дегенде,

Кара  жаным  айла  таппай  бүлүндү

Бул  дүйнөнүн  жакшылыгын  бөксөртүп,

Бир  заматта  кадырыңыз  билинди!

                                            Өз  уулуна  тууган  күйөт  оболу,

Бирок, Боке – дос  да  Сиздей  болобу?

«Рысбайдын  аманаты» деп  жүрүп,

Отуз  беш  жыл  өмүрүңүз  короду.

Пендебиз да! «Артында  биз  барбыз» — деп,  

«Аралашпай, өз  сыйыңды  бил» дешти…

«Рысбай» деп  соккон  Сиздин  жүрөктү,

Оорутушуп,  көңүлүңүз  кирдетти!..

Акыйкаттык  акыр  бир  күн  болор  деп,

Акыл  сурап  «кожоюнга»  кирдиңиз.

Он  беш  жылдап  убадага  карк  болуп.

                                            Ошондо  да   күдөр  үзбөй  жүрдүңүз…    

Ошончо  жыл  үмүтүңүз  акталбай,

Жылдап  күткөн  китеп  калды  «чыкпастан».

Орундалбас  убадага  тойгондо…,

«Оорудуңуз»  кой  дегенди  укпастан!

Олдо, Боке!  Ошол  «азап»  китептин,

Билишсе  эмне,  урпактарга  керегин,

Кылымдарга  көктөп  турчу  дарактын —

Тамырынан  чиритишти  данегин!

Рысбайды — даңктап, сыйлап  өттүңүз,

Ырын  угуп,  кээде  көз  жаш  төктүңүз.

Рысбайчы? Рысбайым… деп  жүрүп,

«Ыр дүйнөсүн» — кантип  таштап  кеттиңиз?

Арманыңыз  көкүрөктө  катылган,

Аз  дос  билди, анан  калса  биз  билдик.

Китеп  чыкса  кийинки  сөз  болор  деп,

Айтылбастан  калып  кетти  «бир чындык»!

Китеп  чыкса, эстелигин  курам  деп,

Кимге  ишенип, анча  күйүп -жандыңыз?

Тажаганда, таарындыңыз. Кол  шилтеп –

Таштап  салып…Анан  кетип  калдыңыз!

Байкатпаган  жан-дүйнөңүз  сурагын,

Балким, Боке  — жүрөк  менен  чечтиңиз.

Байлык, бийлик  «башкасына  түкүрүп»,

Баш  көтөрүп, таза  бойдон  кеттиңиз!

Өлбөс  ким  бар? Биз  да  бир  күн  көчөбүз,

                                           Кетпөөчүдөй,  кесир  жашап  өтөбүз…

Өрттөп  турган  өзөктөгү  чындыкка  —

Өмүр  берип…  Бир  дүрт  этип  өчөбүз!

Анара  эже  ырдагандай «Арманды»,

Ким  жеңиптир,  ушул  дүйнө  жалганды?

Өз  рухуңуз – «Ыр  пирине»  кеткенде,  

Өмүрүңүз – өлбөстүккө  айланды…

 

                                                                                       Гулвара Амадалиева, Ош.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here