Редакциябызга даңазалууулуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун жээн-небереси Какин Абдыкадырова апабыз баш бакты. Какинапа – Сагымбайдын кызы Насырбүбүнүн кызы. Анын бизгек айрылуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин Сагымбай (Кеменгер жөнүндө ода) аттуу китеби себеп болуптур. Эмесе Какинапаныт үйшөлткөн маселеге көңүлүңүздөрдү буралы.

— Какин апа, эмне маселе сизди түйшөлтүп, редакцияга баш бактыңыз?

— Мен Сагымбай таятамдын кызы Насырбүбүнүн кызы болом. Апам 2001-жылы туура 100 жашында кайтыш болду. Беш балам бар. Менин сиздердин редакцияга кайрылып жатканымдын себеби, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев жазган «Сагымбай» (Кеменгер жөнүндө ода) аттуу китеби себеп болду. Иманалиевилимдин доктору, мурда кийин китеп жазып  жүргөнүнө карабай, менин таятам Сагымбай туурасында, айрыкча үй-бүлө маселесине байланыштуу маалыматтарды такыр эле туура эмес, бурмалап жазыптыр. Эл, айрыкча жаштар туура эмес маалыматтарга ишенип калышат да. Билбегенден кийин, колунан келбегенден кийин жазбаш керек болчу.  Болбосо, улууадам туурасында жазып жаткандан кийин жоопкерчиликтүү мамиле жасап, баарын тыкыр иликтеп, тактап, анализдеп, биздей урпактарынан туура маалымат топтоп,  анан чалды-куйду кылбай түшүнүктүү кылып, ирети менен жазса алкыш айтат элек. Тилекке каршы, Каныбек мырзанын ар кайсы китептерден көчүрүп, ар кимден укканын кошуп, баш-аягы жок иретсиз жазганы Сагымбай таятамдын аброюн арттырмак түгүл, төмөндөтүп жатат десем жаңылышпайм.

— Эмнеге мындай ойго келдиңиз?

— Ачык эле айтайын, китепти окуган киши чалды-куйду баш аламан берилген маалыматтардан башы адашат. Башын окуп аягына чыкканча, башында эмне тууралуу сөз болгонун унутуп калат. Эч бир жугумдуу эмес. Бир эле окуяны эки башка берген учурлар арбын учурайт. Бир жерде айткан маалыматы менен бир жерде айткан маалымат бир-бирине карама-каршы келет. Окуя ирети менен берилбейт.  Китепти окуп аягына чыкканча мээң чыңалып чыгат. Таятам тууралуу маалыматтарды тактап, иликтебестен, мурда китептерде такталып-такталбай, кандай жазылып жүрсө ошолорду дүңүнөн көчүрүп, уккандарын уккандай эле урдура берген. Эч бир жоопкерчилик дегенди сезген эмес.

— Мисал келтире кетсеңиз?

— Мисал келтирчү окуялар, маалыматтар абдан көп.  Эми анын баарын мисалга тартып отурсак, Иманалиев жазган китепти кайрадан оңдоп, китеп кылып жазып чыгууга туура келет. Келечекте балким ошондой кылабыз. Гезитке анын баарын сыйдыруу мүмкүнэмес. Ошондуктанк ыскача бир-эки мисалга токтоло кетейин.

Сагымбай таятамдын Аманкул,  Жаманкул аттуу экиуул, Токтобүбү, Бурулбүбү, Насырбүбү, Бүбүйра деген төрт кызы болгон. Аманкул Улуу Ата Мекендик согушта кайтпай калган.  Артында туяк калган жок. Кезинде “Манасты” жакшы айтчу экен. Аман болгондо атасындай чоң манасчы болмок дешет.  Жаманкулдан 5 бала бар. Үч уул, эки кыз. Иманалиев болсо Жаманкулдан  бала жок, Аманкулдан беш бала болгон деп туура эмес маалымат берип жатат. Китептин башталышында эле 13-бетинде ушундай алешемдикке жол берген.

Дагы бир оркойгон кемчилик, Сагымбайды Көлдө төрөлтүп, атасы Орозбак  80 жашында Күңгөйдө көз жумганда, Кичи Кеминге көчүрүп жиберип жатат. “Манас” изилдөөчүлөр дайым ушинтиптуура эмес жазып жүрүшөт. Таятам Ысык-Көлдө төрөлүп, бала чагыКөлдө өтүп, анан Кеминге көчүп барышып, кийинКочкорго келген эмес. Башынан Кочкорду жердеп келишкен. Таятам Кеминде жашаган эмес. Иманалиев мурда кандай жазылып жүрсө, ошону ошол бойдон көчүрүп жазып койгон.

Дагы бир мисал, «АтасыОрозбак 80 жашында Күңгөйдө көз жумганда балдары өтө жаш экен. Турмуштун айынан Ысык-Көлдөн ооп, Кичи Кеминге келип туруп калышат. Ошондо эң улуусу  Алишер  13-14 жашта, кызыБакдөөлөт 12 жашта,   Сагымбай 11 жашта экен»–деп  ,китептин 13-14 бетинде берет.  Ал китептин 44-бетинде болсо «Орозбак көзү тирүү кезинде эле Сагымбайды 12 жашка чыкканда жергиликтүү бир кызга үйлөп коёт. Андан биркыздуу болуп, аялы да, төрөлгөн кызы да эртекөз жумат», –деп жазып жатат. Мына китептин биржеринде Орозбак кайтыш болгондо Сагымбайдын 11 жашта болгону айтылып жатат. Бир жеринде болсо Орозбак көзүтирүү кезинде Сагымбайды 12 жашында үйлөнтүп жатат. Буга окшогон теңирден тескери, бир жеринде бээ деген, бир жеринде төө деген маалыматтар өтө көп.

— Дагы кандай кемчиликтерди байкай алдыңыз?

— Жогоруда айттымго, баарын мисал келтире турган болсом китепти кайрадан жазып чыгууга тура келет деп. Чындыгында бурмаланган, туура эмес жазылган маалыматтар кадам сайын кездешет.

Менин зээнимди кейиткени, Сагымбай арак ичип алып“Манас”айтчу. Ал түгүл «бир литр спиртти ичипк ойчу» деп жазгандары аябай катуу тийди.  Мисал келтире кетейин, китептин 110-бетинде «Мусулманчылыкка ык коюп жүргөн Сакең бир токтолбой, эч ачуурканбай алды. Кийин бара-бара Сакеңди коноктогон жерлерде мындай ичкилик  байма-бай куюлчу болду.  Манасчы адатта эчкимден сурабайт. Куйса баш тартпайт… …Таптаза бир литр спиртти манасчынын алдына коюшту. Суусаптурган Сакең банкени оозуна алып, ачуурканмак түгүл кулкулдата жутуп, тамагына токтотуп тамагын чайкагансып бир аз кармап, кайра жутту. Кайра кулкулдатты. Бир банкени бүт түгөттү.  Бир банке сприт булактын суусундай жутулду», –деп жазган. Муну менен Иманалиев эмнени айткысы келди деген суроо жаралаары турган кеп…

Улуу манасчыны калп эле даңазаламыш болуп китеп жазып, тескерисинче кадыр-баркына,  аброюна көлөкө түшүрүүгө көбүрөөк далалат жасаганы көрүнүп турат. Эми өзүңөр элестетип көрсөңөр, бир литр спиртти ичкен киши соо калабы? Муну менен ал Сагымбай аракеч болчу, арак түгүл спирт ичип “Манас” айткан. Мас болуп, анан көзүнө ар нерсе көрүнүп бир нерселерди айтаберген дегенди кыйытып жатпайбы?.. Башкача айтканда,  Сагымбайга тымызын көөсүртүп, Манасты мастарайткан деген ойду сиңирүүгө аракет көрүп жатканын баамдоок ыйынэмес . Буга окшогон  «арам максатты» көздөп, кагазга ороп «кебез менен мууздаган» маалыматтар жыш кездешет. «Котур ташын койнуна катып» минтип китеп жазбай  эле  койчо болмок…Дагы көптөгөн мисал келтирсе  болот.  Бирок ал үчүн китепти кайра жазып чыгууга туура келет…

— Депутатка жолугуп, китептин оркойгон кемчиликтери туурасында айткан жоксузбу?

— Жолуга албадым. Бир жолу барып тапкан жокмун. Иш ордунда жок экен. Кездешип калсам, ушинтип китеп жазбай эле, колуңдан келген иш менен алек болсоң болмок деп айтат элем. Бурмаланган маалыматты окуган кийинки муундун улуу манасчы туурасындагы ойлору кандай болот деп бушайман болгондуктан, ушуларды коомчулук билсин деп айтып  жатам. Ансыз да жаштар ар кандай диний агымдарга кирип, улутту кбаалуулуктар көзжаздымда калып жатканда Иманалиевге окшогондор кыргыздын жүзү болгон инсандар туурасында тескери бурмаланган маалыматтарды жайылтып, кыргыз элинин баалуулуктарына шек келтирген  бир  нерселерди  жаза берсе келечек кандай болот? Эртең эле кыргыз жаштарынын арасынан, аракты жакшы  көргөн  бирөө мас болуп алып, көзүнө көрүнгөн ар нерсени айта бериптирго. Койгулачы ошол “Манасыңарды” деп чыкпайт деп эч ким  кепилдик бере албайт. Ошондуктан улуттун тамырына балта чаап,  ичтен    курттай кемирип, «кебез менен мууздап», «арам максатты» көздөгөндөрдү  көзөмөлгө  алуу  керек…

Маектешкен Алмаз ТЕМИРБЕК уулу.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here