Темир Сариев: мурунку өкмөт башчы:

-Сөз эркиндиги-жанын, канын, күчүн аябай күрөшкөн жарандарыбыздын эмгеги, мурасы. Сөз эркиндиги көз карандысыздыктын, азаттыктын маанилүү жана ажырагыс бөлүгү. Ошондуктан саясатчы жана бийлик өкүлдөрүнүн журналисттерге басым жасап, коркутуп-үркүтүшүнө уруксат бербешибиз керек. Тилекке каршы, азыр өлкөбүздө терс көрүнүш күч алып жатат — журналисттерге, ММКларга карата миллиондогон доо-арыздар жана оюнчук соттор тарабынан тез арада кабыл алынган чечимдер.

Көп жылдан бери саясатта жүрөм. Мен жөнүндө да ушактарды, каралаган макалаларды жазып келишкен, кээ бир учурларда болбогон жалган-жалаалар да болгон. Бирок эч качан сотко берген эмесмин. Анткени, саясатка бара жаткан адам дайыма ММКлардын, жарандык коомдун эки-үч эсе күчөтүлгөн байкоосунда болоорун түшүнүшү керек. Ошондуктан ар түрдүү сынга даяр болушуң шарт.

Албетте, чектен өтүп, бироонун аброюна шек келтирип жатса сотко кайрылса болот, бирок чектен ашпоо керек. Чечимдердин жыйынтыгында ММКлар, журналисттер каражатсыз калып, сөз эркиндиги чектелбеши абзел.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here