Дипломатиялык корпустун кызматкерлеринин маяналары бири-биринен абдан эле айырмаланат. Эң кызыгы министр эң көп айлык алган алдыңкы 20 кызматкердин катарына кирбейт.
Кыргызстандын Мамлекеттик кадр кызматы Тышкы иштер министрлигинин элчилери менен консулдарынын өткөн жылкы киреше-чыгашалары тууралуу декларациясын жарыялады.
Тизмеде 29 дипломат жана министр менен анын үч орун басары бар. Алардын кээ бирлери кызматынан кеткен.
Тагыраагы, министрдин орун басары Алмаз Усенов 870 миң сом тапса, дагы эки орун басардын ар бири 900 миң сомдон алган.
Миллионерлердин тизмесин министр Эрлан Абдылдаев баштайт, ал бир жылда 1 миллион 60 миң сом тапкан. Дагы үч дипломаттын маянасы 1 миллиондон ашса, 12 элчинин айлыгы эки миллиондон ашык сомду чапчыган.
Ал эми жети элчинин былтыркы жылкы маянасы үч миллиондон ашат.
- Авазбек Абдуразаков (Иран) — 3 миллион 53 миң сом;
- Аскар Бешимов (Түштүк Корея) — 3 миллион 64 миң;
- Гүлнара Искакова (Улуу Британия менен Түндүк Ирландия) — 3 миллион 192 миң;
- Нурлан Ниязалиев (Катар) — 3 миллион 434 миң;
- Асеин Исаев (Бельгия) — 3 миллион 591 миң;
- Жусупбек Шарипов (Кувейт) — 3 миллион 861 миң сом.
Ошентип, Тышкы иштер министрлигинде эң көп маяна алган кызматкер Жусупбек Шарипов экени аныкталды. Ал премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун улуу агасы болуп эсептелет.