Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда 7-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Отурумдун жүрүшүндө Өмүрбек Текебаев 2010-жылы 1-сентябрда Москва шаарына барган Леонид Маевскийдин унаасын пайдаланганын айтты. Булл туурасында ал: «Бишкектен учуп барганда эле аэропорттон Маевский өзү тосуп алып, барчу жерлерге жеткирип турган. Орусиянын мамлекеттик Думасына анын унаасы менен баргам. Ал жакта жолугушуулар ойдогудай болбой калган. Мындан улам ошол эле күнү кайра Бишкекке учуп келгем» — деп билдирди.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге «коррупция» жана «алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.

Булак: Фабула

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here