Чагылган:    Кылмыш дүйнөсүндө “Карышкыр” деген каймана ат менен белгилүү кыргыз жараны Мурсалим Өмүрзаковду Орусиядан депортациялоо чечими кабыл алынганы боюнча  видео интернетке  жарыяланды. Ошентип, Орусия мындай криминалдарга өз эшигин жапты. Белгилүү болгондой  Өмүрзаковду  4 жыл мурун Москвада кылмыштуу топтордун бирин жетектейт деген айып менен кылтакка илинип, из кубарлар Кыргызстанга алып келишкен. Бирок эки жылдан соң эркиндикке чыккан болчу.  Көнгөн адат калабы дегендей, “Карышкыр”  2015-жылы кайрадан Москвадан  баңгизат табылган. Ошентип, Орусиядан эки  ирет кармалган “Карышкыр” эми өзү көнүп калган  мамлекетке кире албай калды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here