Ош облустук соту 3-августта полковник Толкун Шоноевдин өлтүрдү деп шектелген «Женго» каймана ысымдуу Кадыр Досоновдун ишин карап, Кара-Суу райондук соту чыгарган актоо өкүмүн күчүндө калтырды. Кара Суу райондук прокуратурасы Досоновго чыгарылган актоо өкүмүнө каршы болуп, облустук сотко кайрылышкан. Шоноевдин өлүмүнө күнөөлү деп бир нече адам соттолгон. Кийин Досонов да күнөөлү экени айтылган. Соттук жана тергөө иштеринин жыйынтыгында облустук сот тарабынан райондук соттун чечими күчүндө калтрылып, Досонов акталып чыкты. Ал эми Ош шаардык соту Айнура Сулайманова  Шоноевдин өлүмүнөн башка да 166-170-беренелердин негизинде козголгон кылмыш ишине күнөөлөнүп жаткан «Женгону», актаган чечим чыгарды.

Белгилей кетсек, Толкунбек Шоноевдин өмүрүнө кол салуу 2013-жылдын 11-январында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Дыйкан-Кыштак айылында болгон. Полковник 2013-жылдын 13-январында жерге берилген.

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here